YouVersion Logo
Search Icon

Матай 2

2
Акылмандардын Ыйсага таазим кылышы
1Ыйса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бейт-Лехем деген шаарында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар: 2«Иудейлердин жаңы төрөлгөн падышасы кайда болду экен? – деп адамдардан сурамжылашты. – Биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик». 3Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти. Аны менен бирге бүткүл Иерусалим калкы да дүрбөлөңгө түштү. 4Ирод жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин баарын чакырып алып:
– Машаяк кай жерде төрөлүшү керек эле? – деп алардан сурады.
5Иудеянын Бейт-Лехем шаарында, – деп жооп беришти алар, – анткени бир пайгамбарга Кудай мындай деп жаздырып кеткен:
6«Жүйүттүн Бейт-Лехеми, сен Жүйүттүн
Бир дагы чоң шаарынан кем эмессиң,
Анткени Менин элим Ысрайылдын
Койчусу – Башкаруучу сенден чыгат».#Мук. 5:2.
7Муну укканда, Ирод акылмандарды жашыруун өзүнө чакырып алып, жылдыздын чыга турган мезгилин тактады.
8Барып, баланын кайда экенин так билиңиздер! – деди ал жылдыз саноочуларды Бейт-Лехемге жөнөтүп жатып, – мен да барып, таазим кылып келишим үчүн, тапканыңыздарда мага кабарлап коюңуздар.
9Жылдыз саноочулар падышанын айтканын угушуп, жолго чыгышты. Аңгыча алар чыгыштан чыккан жылдызды көрүштү. Жылдыз Бала жаткан жайдын үстүнө келип токтогонго чейин анын жетегинде жүрүп отурушту. 10Жылдызды көргөн алар ушунча катуу сүйүнүшүп, кубанычтары койнуна батпады. 11Үйгө киришкенде, Баланы жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Чөк түшүп, Балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди: алтынды, жыттуу чайыр жана мүр деген жыпар жыттуу заттарды тартуу кылышты. 12Андан соң келген жолунан башка жолго салып, өз өлкөлөрүнө кайтышты. Башка жолго салышканынын себеби, түш көрүп, «Иродко барбагыла» деген аян алышкан эле.
Мисирге качуу
13Алар кетишкенден кийин, Жусуптун түшүнө Жараткан Эгенин периштеси кирип:
– Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Ирод Баланы өлтүртмөкчү болуп, адамдарына издеткени жатат. Мен сага кайт демейинче ошол жакта бол! – деди.
14Жусуп түндө ордунан туруп, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге жөнөп кетти. 15Ал жакта Ирод өлгөнгө чейин болду. Анткени Жараткан Эгенин: «Мен Уулумду Мисирден чакырып алдым»#2:15 Ошуя 11:1. деп, пайгамбарынан айттырган сөзү орундалышы керек болчу.
Ироддун «наристелерди өлтүргүлө» деген буйругу
16Ирод акылмандардын амалдуулук кылганын түшүнүп, кыжыры кайнап, каарданды. Жоокерлерин жиберип: «Бейт-Лехемде жана анын тегерек четинде төрөлгөн эки жашка чейинки балдардын баарын кырып салгыла!» – деген буйрук берди. Эки жашка чейин деген себеби акылмандардан сурап, билип алган убакыттан улам эле. 17Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарчылык сөз ушундайча аткарылды. Ал мындай деген:
18«Жүйүттүн Рама аттуу шаарынан
Күйүттүү бир кошок үнү угулат.
Муңга толуп, балдарынан айрылып,
Соороно албай боздоп жатат Ракыйла,
Анткени анын бүт балдары кырылган».#2:18 Жер. 31:15.
Мисирден кайтып келүү
19Ирод өлгөн соң, Жараткан Эгенин периштеси Мисирдеги Жусуптун түшүнө кирип, мындай деди:
20Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө! Анткени Баланы жок кылабыз дегендер өлүштү.
21Жусуп турду да, Бала менен Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди. 22Иудеяда Ироддун ордуна анын баласы Архелай падышалык кылып турганын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө көргөн аяндагы эскертүүдөн улам Галилея аймагы жакка өтүп кетти. 23Галилеяга келип, Назарет аттуу шаарга жайгашты. Ушундайча «Ал назареттик деген атка конмок» деп пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган сөз аткарылды.

Currently Selected:

Матай 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy