YouVersion Logo
Search Icon

Матай 3

3
Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы
1Ошол күндөрдө болсо Жакыя чөмүлдүрүүчү Иудея чөлүнө келип:
2Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, – деп жар салды.
3Бир кезде Ышая пайгамбар:
«Жар салгандын чөлдө үнү угулат:
“Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун,
Талаадагы басар жерин түздөгүн!”»#Ыш. 40:3.
– дегенде ушул Жакыя тууралуу айткан болчу.
4А Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн токулган чапан кийип, белин булгаары кур менен бууп алчу. Жегени чегиртке менен жапайы аарынын балы эле. 5Иерусалим калкы жана Иудеянын башка бардык шаарларынан жана Иордан дарыясынын тегерек-четиндегилердин баары убап-чубап ага келип жатышты. 6Келгендер күнөөлөрүн мойнуна алып, Жакыянын Иордан дарыясындагы чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты. 7Алардын арасында чөмүлүү үчүн келген көп фарисейлер менен садукейлер да бар эле. Жакыя аларды көргөндө, мындай деди:
– Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан качууну силерге ким көрсөттү эле? 8Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! 9Өзүңөрчө: «Биз Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 10Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат. 11Ниеттерин өзгөртсүн деп сууга чөмүлдүрүп жүрөм, бирок мага караганда алда канча кудуреттүү бирөө аркамдан келе жатат. Мен анын бут кийимин көтөрүп жүргөнгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт. 12Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампага жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.
Ыйсанын сууга чөмүлүү расмисинен өтүшү
13Ушундан кийин Ыйса Галилеядан Иорданга Жакыянын чөмүлдүрүү расмисинен өтүү үчүн келди. 14Жакыя ага каршы болуп:
– Чынында сууга чөмүлдүрүү расмисинен мени сен өткөрүшүң керек, бирок сенин мага келгениң кандай? – деди.
15Ыйса ага мындай деп жооп берди:
– Эми муну жөн кой, анткени адилеттүүлүктүн бардык талаптарын ушундайча аткарышыбыз керек.
Ошондо Жакыя макул болду.
16Ыйса чөмүлөрү менен суудан чыкты да, капысынан асман ачылганын жана үстүнө көгүчкөн кейпинде Кудайдын Руху түшүп келатканын көрдү. 17Ошондой эле асмандан бир үн чыкты: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын».

Currently Selected:

Матай 3: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy