Logo YouVersion
Ikona Hľadať

1 Петир 4

4
Кудай үчүн жашоо
1Ошентип, Машаяк денеси менен азап тартса, силер да ошого даяр болгула. Себеби денеси менен азап чеккен адам күнөө кылууну токтотот. 2Эми мындан ары бул жер үстүндөгү калган өмүрдү адамдык арам кумардын эмес, Кудай каалоосунун жетегинде жашап өтүш керек. 3Силер кудайсыздар сыяктуу бузукулукка, арам кумарга, араккечтикке, ашыкча той-тамаша өткөрүүгө, масчылыкка жана Кудай жек көргөн бутка табынуучулукка баш-отуңар менен кирип көпкө жашадыңар. 4Эми ошол кудайсыздар алардын бузуку жашоосуна аралашпай калганыңарга таң калып, силерди жамандап атышат. 5Бирок алар өлгөндөр менен тирүүлөрдү суракка тарта турган Кудайдын алдында бүт кылгандары үчүн жооп беришет. 6Ошондуктан Кудай менен рухий өмүрдө жашасын үчүн, Жакшы Кабар бул дүйнөдө жашап, кийин өлүм өкүмүнө тартылгандарга да айтылган.
7Жакында баарынын күнү бүтөт. Андыктан акыл-эстүүлүктү сактап, дайыма сыйына тургандай сергек тургула. 8Эң биринчи, бири бириңерди чын дилден сүйгүлө, ошондо башкалардын көп күнөөлөрүн кечире аласыңар. 9Наалыбастан, бири бириңерге эшигиңер ачык болсун. 10Кудай ырайым кылып тартуулаган көп түрлүү жөндөмүңөрдү жакшылап колдонуп, ар кимиң ошол боюнча бири бириңе ак кызмат кылгыла. 11Сүйлөөчүлөр Кудай сөзүн сүйлөшсүн, кызмат кылгандар Ал берген күч менен кызмат кылышсын. Мына ушинтип Кудайды даңктаганга Ыйса Машаяк бизге жол ачкан. Кудуреттүү Кудайга кылымдан кылымга даңк болсун! Оомийин!
Ишеним үчүн кыйынчылык тартуу
12Сүйүктүүлөрүм менин, оор азап чектирген сыноолорго туш келип, «от кечип» атканыңарды капыстан келген нерсе катары көрүп таң калбагыла. 13Кайра, Машаяк сыяктуу азап чегип жатканыңарга кубангыла. Ал шаң-салтанат менен кайра келгенде шаттанып сүйүнөсүңөр.
14Машаякка ишенген үчүн кордук көрсөңөр, бактылуубуз дегиле, себеби улуулукка бөлөй турган Кудайдын Руху силер менен. 15Бирок араңардан эч ким киши өлтүрүүчү же ууру, кылмышкер же башка бирөөнүн ишине ыксыз кийлигишкен адам катары азап тартуучу болбосун. 16Эгер бирөө жарым Ыйсага ишенгени үчүн жабыр тартып жатса, буга уялбастан, кайра Машаякка ишенген үчүн Кудайды даңктасын. 17Соттун болор күнү келип калды жана ал Кудай үйүнөн башталат. Ойлоп көрсөңөр, сот эгер бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин тагдыры кандай болот?
18«Эгерде адилеттүү адамдар да
Куткарылса араң эле, анда, айтчы,
Кудайсыз, күнөөкөрлөр эмне болот?»#4:18 Нак сөз. 11:31.
19Ошондуктан Кудайдын буйругу менен азап тартып жүргөндөр өздөрүн ар дайым убадасын аткарган Жараткандын колуна ишенип тапшырып, жакшылык кылганын токтотпосун.

Aktuálne označené:

1 Петир 4: КЫРИ

Zvýraznenie

Zdieľať

Kopírovať

None

Chceš mať svoje zvýraznenia uložené vo všetkých zariadeniach? Zaregistruj sa alebo sa prihlás