1
Лука 8:15
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү, Кудай сөзүн угуп, туура кабыл алып, таза жүрөктөрүнө сактаган адамдарды билдирет. Алар дайыма жемиш берген үрөнгө окшош.
比較
Лука 8:15で検索
2
Лука 8:14
Тикендердин арасына түшкөнү болсо, Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана жашоодогу кумарларга алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.
Лука 8:14で検索
3
Лука 8:13
Таштак жерге түшкөн үрөн болсо, Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок тамыры болбогондуктан, бир азга гана ишенишип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка кабылар замат ишенимден баш тартышат.
Лука 8:13で検索
4
Лука 8:25
Анан шакирттерине бурулуп: – Ишенимиңер кайда кетти? – деди. Үрөйү учкан шакирттери аң-таң болуп, бири бирине: Бороон-чапкынды башкара алган бул ким өзү? Бороон ага баш ийип, тынчып калбадыбы? – дешти.
Лука 8:25で検索
5
Лука 8:12
Ал эми жол боюна түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок ибилис келип, ишенбесин, кутулбасын деп, жан дүйнөсүнө түшкөн сөздү уурдап кетет.
Лука 8:12で検索
6
Лука 8:17
Анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас, билинип калбас жашыруун иш болбойт.
Лука 8:17で検索
7
Лука 8:47-48
Аял жашырына албасын көрүп, коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына жыгылды да, кандай максат менен колун тийгизгенин жана дароо айыгып кеткенин бүт элдин алдында айтып берди. Ыйса аялга: – Кызым, ишенимиң сени айыктырды, жакшы барагой, – деди.
Лука 8:47-48で検索
8
Лука 8:24
Ошондо шакирттери Ыйсаны ойготушуп: – Устат, устат, өлдүк! – дешти. Ыйса ордунан тура калды да, бороон-чапкынга тыюу салды. Бороон ошол замат басылып, айлана жымжырт боло түштү.
Лука 8:24で検索
ホーム
聖書
読書プラン
ビデオ