1
Жакан 13:34-35
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Силерге жаңы осуят калтырам: бири бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири бириңерди сүйгүлө! Бири бириңерге болгон сүйүүдөн улам, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет.
比較
Жакан 13:34-35で検索
2
Жакан 13:14-15
Демек, Мен Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, кул сыяктуу бутуңарды жуусам, анда дал ошентип силер да бири бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Мен силерге кандай кызмат кылсам, силерди да ошондой кылсын деп, үлгү көрсөттүм.
Жакан 13:14-15で検索
3
Жакан 13:7
Эмне кылып жатканымды сен азыр эмес, кийинчерээк түшүнөсүң, – деди Ыйса.
Жакан 13:7で検索
4
Жакан 13:16
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кул ээсинен өйдө эмес, элчи да аны жибергенден жогору эмес.
Жакан 13:16で検索
5
Жакан 13:17
Эми силер бул чындыкты билесиңер, ушуну иш жүзүнө ашырсаңар, анда абдан бактылуусуңар.
Жакан 13:17で検索
6
Жакан 13:4-5
Ыйса дасторкондон туруп, үстүнкү кийимин чечти да, белине сүлгүнү байланды. Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин буттарын жууп, сүлгү менен аарчый баштады.
Жакан 13:4-5で検索
ホーム
聖書
読書プラン
ビデオ