1
Жакан 10:10
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ууру уурдап, союп, ойрондоо үчүн келет. Мен болсо адамдар чыныгы өмүргө, болгондо да берекелүү өмүргө ээ болушсун деп келдим.
比較
Жакан 10:10で検索
2
Жакан 10:11
Мен – жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын аябайт.
Жакан 10:11で検索
3
Жакан 10:27
Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды жакшы билем. Алар Мени ээрчишет.
Жакан 10:27で検索
4
Жакан 10:28
Мен түбөлүк өмүрдү ошолорго берем, алар эч качан курут болушпайт. Менин колуман эч ким аларды тартып ала албайт.
Жакан 10:28で検索
5
Жакан 10:9
Мен – дарбазамын. Менден киргендин өмүрү сакталат. Ал ээн-эркин кирип чыгат жана жайыт табат.
Жакан 10:9で検索
6
Жакан 10:14-15
Мен жакшы койчумун. Асмандагы Атабыз Мени кандай жакшы билсе, Мен да Аны ошондой жакшы билем, ошол эле сыяктуу, Мен Өз койлорумду кандай жакшы билсем, алар да Мени ошондой жакшы билишет. Мен койлорум үчүн жанымды кыям.
Жакан 10:14-15で検索
7
Жакан 10:29-30
Аларды Мага берген Атам баарынан улуу. Атабыздын колунан да эч ким тартып ала албайт. Мен асмандагы Атабыз менен бирмин.
Жакан 10:29-30で検索
8
9
Жакан 10:18
Жанымды эч ким Менден тартып албайт, аны Өз каалоом менен курман кылам. Жанымды курман кыла турган да, кайтып ала турган да бийлигим бар. Бул – Мага Атамдын тапшырган милдети.
Жакан 10:18で検索
10
Жакан 10:7
Ошондуктан Ыйса сөзүн улай мындай деди: – Силерге бир чындыкты айтып коёюн: койлор кирүүчү дарбаза – Менмин.
Жакан 10:7で検索
11
Жакан 10:12
Жалчы болсо койчу эмес, койлор да аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, оторду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, туш тарапка чачыратат.
Жакан 10:12で検索
12
Жакан 10:1
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким кой короого эшиктен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал – ууру жана каракчы.
Жакан 10:1で検索
ホーム
聖書
読書プラン
ビデオ