Жашыя 8
8
Ай шаарын басып алууга камынуу
1Жараткан Эге Жашыяга мындай деди:
– Эч нерседен коркпогун, тынчсызданба. Согушка жарактуу бардык адамдарыңды ээрчитип, Ай шаарына жөнөгүн. Мына, Мен Айдын падышасын, элин, шаардын өзүн, бүт жерин сенин колуңа салып бердим. 2Иерихон шаарын, анын падышасын кандай кылган болсоңор, Ай шаарын, анын падышасын да ошондой кылгыла. Алардын мүлкүн олжолоп, малын түгөл тартып алгыла. Шаардын артына буктурма кой.
3Жашыя баш болгон согушка жарактуу кишилер салгылашуу үчүн Ай шаарына чабуулга даярданды. Ал эр жүрөк 30 000 кишини тандап алып, алар менен түн ичинде жөнөдү. 4Ошондо Жашыя аларга мындай деп буйрук берди:
– Жакшылап уккула! Силер шаардын артына буктурма коюшуңар керек. Шаардан алыстабагыла, баарыңар даяр тургула. 5Мен болсо жанымдагы жоокерлерим менен калаага жакындап барам. Алар биз менен согушканы шаардан чыкканда, биринчи жолкудай болуп, алардан качып жөнөйбүз. 6Душмандар: «Баягыдай эле бизден качып жөнөштү» деп ойлоп, бизди кубалап, калаадан алыстап кетишет. Биз качып жөнөгөндө, 7буктурмадагылар чыгып, шаарды басып алышсын. Жараткан Эге, Кудайыбыз калааны колуңарга салып берет. 8Шаарды ээлеп алгандан кийин, аны өрттөп салгыла, Жараткан Эге айткандай кылгыла. Байкагыла, бул – буйрук!
Ай шаарынын жеңилиши
9Ошентип, аларды жөнөтүп жиберди. Алар Ай менен Бейтел калааларынын ортосунда, Айдын күн батыш тарабына жайгашышты. Жашыя өзү болсо ошол түнү калган адамдары менен ордодо калды. 10Жашыя эртеси таң заарда туруп, аскерлерин көздөн өткөрүп чыкты да, Ысрайылдын аксакалдары менен чогуу элди баштап Ай шаарына жөнөдү. 11Аны ээрчиген жоокерлер шаарга жакындап келишип, Айдын түндүк тарабына ордо курушту. Алар менен шаардын ортосунда өрөөн бар эле. 12Жашыя беш миңдей жоокерди шаардын батыш тарабына – Бейтел менен Айдын ортосуна буктурмага койгон эле. 13Анын жоокерлери мындай жайгаштырылды: негизги кошуун шаардын түндүк тарабына, ал эми буктурмадагылар калаанын батыш жагында эле. Жашыя өзү болсо ошол түнү өрөөндө калды. 14Айдын падышасы муну көргөндө, бүт жоокерлерин жыйнап, Ысрайыл менен салгылашуу үчүн таң эрте Иордан өрөөнүнүн тушуна чыгып келди. Шаардын артында буктурма коюлганын ал билген жок. 15Жашыя менен бүт ысрайылдар алардан жеңилип жаткандай болуп, чөлдү карай качып жөнөштү. 16Айлыктар болсо Жашыя менен Ысрайыл аскерлеринин артынан түшүү үчүн Ай калаасындагы бардык эркектерди чакырышты. Анан Жашыянын артынан сая кубалап, алар шаардан алыстап кетишти. 17Ай менен Бейтел шаарларынын элинин бири калбай калаадан чыгышты. Алар шаарды ачык калтырып, ысрайылдардын артынан кубалап жөнөштү. 18Ошондо Жараткан Эге Жашыяга:
– Колуңдагы найзаны Ай тарапка сун, Мен шаарды сенин колуңа салып берем, – деди.
Жашыя найзасын шаарды көздөй сунду. 19Ал найзасын сунар замат, буктурмадагылар ордунан туруп, тез чабуул коюп, калааны ээлеп алышты да, ага өрт коюп жиберишти. 20Айдын жоокерлери артын карап, шаардан кара түтүн көккө көтөрүлүп жатканын көрүштү. Так ошондо чөлгө качып бараткан ысрайылдар артка бурулуп, куугунчулардын өздөрүнө чабуул койгондо, тигилер эч жакка кача албай калышты. 21Анткени калаадан коюу түтүн асманга көтөрүлгөнүн көргөндө, Жашыя менен Ысрайылдын бүт аскерлери буктурмадагылар шаарды ээлеп алганын билишти. Муну көргөн ысрайылдар артка бурулуп, Айдын тургундарынын өздөрүнө чабуул коюшкан эле. 22Ушул убакта шаарды каратып алган буктурмадагы ысрайылдар шаардан кайра чыгышканда, Айдын жоокерлери ортодо калды. Ысрайыл аскерлери аларды эки тараптан курчап, кырып салышты, аман калган же качып кутулган бир да жан болгон жок. 23Айдын падышасын гана тирүү колго түшүрүп, Жашыянын алдына алып келишти.
24Ысрайылдар талаада жана чөлдө өздөрүн артынан сая кубалаган Айдын аскерлерин толук кылыч мизине алгандан кийин, кайра кайтып келишип, шаарга кирип барышып, анда калгандарды да кылычтап өлтүрүштү. 25Ошол күнү аял-эркек болуп Айдын бүт эли – он эки миң киши курман болду. 26Айдын жашоочулары садага чабылып бүткөнчө, Жашыя найза сунган колун төмөн түшүргөн жок. 27Жараткан Эге Жашыяга буйрук кылгандай, ысрайылдар шаар элинин мал-мүлкүн олжолоп алышты. 28Жашыя Ай шаарын өрттөп жиберип, ээн жаткан дөбөгө айлантты. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой. 29Айдын падышасын болсо өлтүрүп, жасатын шиш жыгачка сайып, кечке чейин калтырып коюшту. Күн батып баратканда Жашыя жасатты жыгачтан түшүрүп, шаар дарбазасынын алдына алпарып таштоону буйруду. Эл анын үстүнө таштарды ыргытып үйүп салышты. Ошол таш дөбө ушул күнгө чейин бар.
Ыйык келишимди жаңыртуу
30Ошол күндөрү Жашыя Ысрайылдын Кудайы Жараткан Эгеге арнап Эйбал тоосунда курмандык жай курду. 31Жараткан Эгенин кулу Муса Ысрайыл уулдарына Тоорат китебинде жазып буйругандай, аны темир аспап тийип жонулбаган, бүтүн таштардан курду. Анын үстүндө Жараткан Эгеге багыштап бүт өрттөлчү жана тынчтык курмандыктарын чалышты. 32Анан Жашыя Ысрайыл уулдарынын көз алдында Муса жазган мыйзамдарды башка таштарга көчүрүп жазды. 33Ошондо бүткүл эл аксакалдары, журт башчылары, казылар#8:33 казы – диний сот жана бүт Ысрайыл эли, келгиндер менен жергиликтүү элдер Жараткан Эгенин келишим сандыгынын эки тарабына – аны көтөрүп жүргөн дин кызматчы лебилердин алдына тизилип турушту. Элдин жарымы Гаризим тоосунун алдында, жарымы Эйбал тоосунун алдында турушту. Жараткан Эгенин кулу Муса Ысрайыл элине бата берүү үчүн ушундай кылгыла деп буйруган эле. 34Анан Жашыя Тооратта жазылган бата менен каргыш сөздөрүн жар салып толук окуп берди. 35Жашыя Ысрайыл жамаатынын, ошондой эле аялдар менен балдардын, калк арасында жашаган келгиндердин алдында Мусанын буйруктарынан бир да сөз калтырбастан, толук окуп берди.
Valið núna:
Жашыя 8: КЫРИ
Áherslumerki
Deildu
Afrita

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018