Жашыя 7

7
Ысрайыл аскеринин жеңилиши
1Бирок Ысрайыл эли Кудайга багышталган нерселер тууралуу буйрукту бузду. Иуда уруусундагы Ахан Жараткан Эгеге арналган буюмдардан өзүнө катып алды. Ал Карминин уулу, Карми – Забдийдин уулу, Забдий – Зерактын уулу эле. Ошондо Жараткан Эгенин Ысрайыл элине каары тутанды.
2Ушул арада Жашыя Иерихондон аскерлерди Бейтел шаарынын чыгыш тарабындагы, Бейт-Абендин жанындагы Ай шаарына жиберип жатып, аларга:
– Барып, ал жерди чалгындап келгиле, – деди.
Жигиттер барып, шаарды байкап чыгышты.
3Алар кайтып келип, Жашыяга:
– Бүт элди ал жерге алып баруунун зарылдыгы жок экен. Эки же үч миң киши менен эле Ай шаарынын элине кол салабыз. Ай шаарынын тургундары аз эле экен, элдин баарын убара кылбайлы, – дешти. 4Ошентип, элден үч миңдей жоокер ал жакка жөнөп кетти. Бирок алар Айдын тургундарына артын салып качып жөнөштү. 5Айдын жашоочулары ысрайылдарды калаа дарбазасынан таш кенине чейин төмөн кубалап, талкалап, отуз алты кишини өлтүрүштү. Ошондо ысрайылдардын жүрөгү түшүп, ындыны өчтү.
Кудайдын Жашыяга берген жообу
6Муну укканда, Жашыя кайгыдан кийимин айрып жиберди да, Ысрайыл аксакалдары менен чогуу Жараткан Эгенин сандыгынын алдында кечке чейин жүздөмөндөп жерде жатты. 7Жашыя:
– О Эгедерим, Жараткан Эге! Эмне үчүн бул элди Иордандан алып өттүң?! Бизди аморлордун колуна салып берип, кырып жоготуу үчүнбү? Иордандын аркы өйүзүндө эле калып жашай берсек эмне! – деп жатты. 8– О Эгедерим! Ысрайыл душманынын алдына түшүп качып жөнөгөндөн кийин, мен эмне деп айтмак элем? 9Эми бул жерде жашаган бүт канаандыктар менен жер бетиндеги башка элдер угуп, бизди курчоого алып, кырып салышат. Атыбызды жер бетинен өчүрөт. Ошондо сөз тийгизбей Өзүңдүн улуу ысымыңды кантип сактайсың? 10Жараткан Эге болсо Жашыяга:
– Ордуңдан тур! Неге минтип жүздөмөндөп жатасың? – деди. 11– Ысрайыл эли күнөө кылды. Мен сакта деп буйруган келишимди бузду. Садага чабылган нерселерден уурдап, куулук кылып, өз буюмдарынын арасына катып койду. 12Ошондуктан Ысрайыл эли жоого каршы тура албай, душманына артын салып качты. Анткени алар өздөрү да садага чабылып калышты. Эгерде эл ичиндеги садага чабылган нерсени жок кылбасаңар, мындан ары Мен силерди колдой албаймын. 13Эми, ордуңдан тур да, элди тазалап-ыйыкта. Аларга: «Эртеңки күнгө тазаланып-ыйыкталгыла. Анткени Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы: „Кудайга садага чабылган нерсе Ысрайыл элинин арасында турат. Садага чабылган нерсени араңардан жок кылмайынча жоого каршы тура албайсыңар“ деп жатат» дегин. 14– Ошондуктан эртең менен уруу-урууңар боюнча келгиле. Жараткан Эге кайсы урууну көрсөтсө, ошол уруу урук-уругу боюнча келсин. Жараткан Эге кайсы урукту көрсөтсө, ал үй-бүлөлөрү боюнча келсин. Ал кайсы үй-бүлөнү көрсөтсө, ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрү бирден келсин. 15Садага чабылган буюмдар менен кармалган адамды өзүнө таандык бүт менчиги менен чогуу өрттөп салгыла. Анткени ал Жараткан Эгенин келишимин бузуп, Ысрайылдын элинин ичинде ыпылас иш кылды.
Ахандын айыбынын ачылышы
16Жашыя эртеси таң эрте туруп, элге:
– Ысрайыл эли уруулары боюнча келсин, – деп буйрук кылды. Ошондо иуда уруусу көрсөтүлдү. 17Иуда уруусу келгенде, Зерактын уругу көрсөтүлдү. Зерактын уругунун эркектери келгенде, Забдийдин уулдары көрсөтүлдү. 18Забдийдин уулдары бирден келгенде, Ахан көрсөтүлдү. Ахан Иуда уруусундагы Карминин уулу эле. Карми – Забдийдин уулу, Забдий – Зерактын уулу эле. 19Ошондо Жашыя Аханга:
– Уулум, Жараткан Эгени, Ысрайылдын Кудайын даңкта! Анын алдында күнөөңдү мойнуңа ал! Эмне кылганыңды айтып бер, менден эч нерсени жашырба! – деди.
20Ахан Жашыяга жооп берип мындай деди:
– Ооба, мен Жараткан Эгени, Ысрайылдын Кудайынын алдында күнөө кылганым чын. Иш мындайча болду: 21Олжолордун арасынан Шинардын бир кооз чапанына, салмагы эки жүз шекел#7:21 Шекел– болжол менен 12 г. күмүш менен элүү шекел куйма алтынга көзүм түшүп калды. Аларга кызыгып кетип, катып алдым. Алардын баарын чатырымдын ичине көөмп, жашырып койгом, күмүш алардын эң түбүндө. 22Ошондо Жашыя кишилерди жиберди. Алар анын чатырына барып, киришсе, айтылган буюмдар чын эле чатырдын ичине катылыптыр, күмүш болсо эң түбүндө экен. 23Алар ошол нерселердин баарын чатырдан алып чыгып, Жашыя менен бүт Ысрайыл элине алып келип, Жараткан Эгенин алдына коюшту.
24Жашыя менен ысрайылдар Зерактын урпагы Аханды, күмүштү, чапанды, куйма алтынды, анын уулдары менен кыздарын, өгүздөрүн, эшектерин, койлорун, чатырын жана анын бардык буюм-теримдерин Ахор өрөөнүнө алып чыгышты. 25Жашыя Аханга мындай деди:
– Эмне үчүн биздин башыбызга балээ үйдүң? Эми Жараткан Эге да сенин башыңа балээ салат.
Ошондо бүт ысрайылдар Аханды ташбараңга алышты. Аны үй-бүлөсү менен кошо ташбараңга алышып, мал-мүлкүнөн өйдө өрттөп жиберишти. 26Анан алардын үстүнө таш үйүп салышты. Үйүлгөн ошол чоң таштар ушул күнгө чейин турат. Ошондон кийин гана Жараткан Эгенин кайнаган каары басылды. Ошондон тартып ал жер ушул күнгө чейин Ахор#7:26 Ахор– балээ. өрөөнү деп аталат.

Áherslumerki

Deildu

Afrita

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in