Жашыя 9

9
Гибондуктардын Жашыяны алдашы
1Иордандын батыш тарабындагы тоолордо, тоо этектеринде, Жер Ортолук деңиздин жээктеринде, түндүктөгү тээ Ливанга чейинки жерлерде жашаган хеттердин, аморлордун, канаандардын, периздердин, хибилердин, жебустардын бүт падышалары Жашыянын жеңиштери тууралуу баарын угушту. 2Алар Жашыя баш болгон Ысрайыл менен жапатырмак согушуу үчүн бир шериктеш болушту. 3Бирок Гибон шаарында жашаган хибилер Жашыя Иерихон менен Ай шаарларын эмне кылганын угушканда, 4мындай амал ойлоп табышты: өздөрүн элчилердей көрсөтүп, эски куржундарын, эски, тамтыгы чыккан, жамаачыланган, шарап куюлган чаначтарын эшектерге артып, жолго чыгышты. 5Бутуна эски, жамаачыланган чарыктарды, үстүнө тозгон кийимдерди кийишти. Жанына катып, көгөрүп кеткен нан алышты. 6Анан Гилгал конушундагы Жашыяга келип, ага жана Ысрайыл элине мындай деп айтышты:
– Биз алыскы жерден келдик. Биз менен келишим түзсөңүздөр экен. 7Ысрайылдар болсо хибилерге:
– Балким, силер кошуна элдерден болуп жүрбөгүлө? Эгер ошондой болсо силер менен келишим түзө албайбыз, – дешти. 8Тигилер Жашыяга:
– Биз сиздердин кулдарыңызбыз, – деп жооп беришти. Жашыя алардан:
– Силер кимсиңер? Кайдан келдиңер? – деп сурады. 9Алар Жашыяга мындай деп жооп беришти:
– Жараткан Эге, Кудайыңыздын улуу атын угуп, кулдарыңыз абдан алыскы өлкөдөн келишти. Биз Анын даңкы, Мисирде кылган бардык иштери тууралуу уктук. 10Иордандын чыгыш тарабындагы аморлордун эки падышасын – Хешпон падышасы Сихон менен Аштаротто туруп бийлик жүргүзгөн Башан падышасы Окту эмне кылганын да уктук. 11Ошондуктан аксакалдарыбыз менен жерибиздин тургундары бизге: «Жолго азык камдагыла да, алардын алдына барып, „биз сиздердин кулдарыңызбыз, биз менен келишим түзсөңүздөр экен“ деп сурангыла», – дешти. 12Мынакей, бул наныбыз жолго чыккан күнү ысык болчу, азыр болсо катып, көгөрүп калды. 13Ал эми бул чаначтарыбыз шарап толтуруп куйган күнү жаңы болчу, карагылачы, эми алардын тамтыгы чыгып калды, үстүбүздөгү кийимдерибиз, бутубуздагы чарыктарыбыз да узак сапарда жыртылып бүттү. 14Ысрайылдар алардын жол азыктарынан жеп көрүштү, бирок Жараткан Эгенин оюн сурашкан жок. 15Анан Жашыя гибондуктар менен тынчтык келишимин түзүп, алардын өмүрүнө кепилдик берди, жамаат башчылары болсо убаданы ант менен бекемдешти.
Гибондуктардын Ысрайылга кул болушу
16Келишим түзгөндөн үч күндөн кийин ысрайылдар алардын жакын эле жерде жашаган кошуна элден экенин угушту. 17Ошентип, Ысрайыл уулдары жолго чыгып, үчүнчү күнү гибондуктардын Гибон, Кепира, Бэйрот жана Кирият-Жеярим деген калааларына жетип келишти. 18Бирок Ысрайыл уулдары аларга кол салган жок, анткени жамаат башчылары Жараткан Эгенин, Ысрайылдын Кудайынын ысымын оозанып ант берип коюшкан эле. Бүт эл өз башчыларына нааразы болду. 19Ошондо журт башчылары бүт жамаатка:
– Биз Жараткан Эгенин, Ысрайылдын Кудайынын ысымын оозанып аларга ант берип койгонбуз, ошондуктан аларга эми кол тийгизе албайбыз, – деп айтышты. 20– Эми мындай кылалы: биз аларга ант берип койгондуктан, антты бузуп, Кудайдын каарына калбаш үчүн, аларды тирүү калтыралы. 21Эл башчылары сөзүн улап:
– Алар жашай беришсин, бирок бүт жамаат үчүн отун жарып, суу ташый турган болушсун, – дешти.
Ошентип, эл башчылар айткандай болду. 22Жашыя гибондуктарды чакырып алып:
– Жакын эле жерде жашап туруп, эмне үчүн абдан алыскы өлкөдө жашайбыз деп бизди алдадыңар?! – деп сурады. 23– Эми силер каргышка калдыңар! Мындан ары биздин кулубуз болуп, Кудайыбыздын үйүнө отун жарып, суу ташыйсыңар! 24Алар Жашыяга мындай деп жооп беришти:
– Сиздин Жараткан Эге, Кудайыңыз Өз кулу Мусага ушул жерлерди бүт ысрайылдарга берип, элин болсо жер бетинен толук кырып салууну буйруганын уктук. Ошондуктан өз жаныбызды ойлоп, сиздерден корккондуктан ушундай ишке бардык. 25Эми биз сиздин колуңуздабыз, кандай кылган жакшы, туура болот деп эсептесеңиз, ошондой кылыңыз.
26Ошентип, Жашыя ысрайылдардын гибондуктарды өлтүрүп салышына жол берген жок. 27Ошол күнү Жашыя аларды жамаатка, Жараткан Эге тандап алган жерге курула турган курмандык жайга отун жаргыч, суу ташыгыч кылып койду. Алар бүгүнкү күнгө чейин ошол ишти аткарып келе жатышат.

Áherslumerki

Deildu

Afrita

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in