Эми, ордуңдан тур да, элди тазалап-ыйыкта. Аларга: «Эртеңки күнгө тазаланып-ыйыкталгыла. Анткени Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы: „Кудайга садага чабылган нерсе Ысрайыл элинин арасында турат. Садага чабылган нерсени араңардан жок кылмайынча жоого каршы тура албайсыңар“ деп жатат» дегин.