1
Башталыш 3:6
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы, көз жоосун алган сонун экенин көрүп, акылдуу кыларын билип, жегиси келди. Жемишти үзүп алып жеди да, жанындагы күйөөсүнө берип, ал да жеди.
Konpare
Eksplore Башталыш 3:6
2
Башталыш 3:1
Кудай Эге жараткан айбандардын ичинен эң куусу жылан эле. Ал аялдан: – Кудайдын силерге бактагы бир дагы дарактын жемишинен жебегиле дегени чынбы? – деп сурады.
Eksplore Башталыш 3:1
3
Башталыш 3:15
Аял экөөңөрдү, сенин тукумуң менен анын тукумун кас кылам. Аялдын тукуму башыңды жанчыйт, сен анын согончогун чагасың, – деди.
Eksplore Башталыш 3:15
4
Башталыш 3:16
Ал эми аялга мындай деди: – Кош бойлуу кезиңде азабыңды көбөйткөндөн көбөйтөм, балдарыңды кыйналып төрөйсүң. Сен күйөөңө куштар болосуң, ал болсо сени башкарат.
Eksplore Башталыш 3:16
5
Башталыш 3:19
Өзүң жаралган жердин койнуна кайтып барганча, жээр наныңды маңдай териң менен табасың. Сен топурактан жаралдың, кайра топуракка кайтасың!
Eksplore Башталыш 3:19
6
Башталыш 3:17
Ал эми адамга мындай деди: – Аялыңдын тилин алып, Мен тыюу салган дарактын жемишинен жеген сенин кесириңден жердин кыртышы каргышка калды! Мындан кийин өмүр бою азап тартып наныңды жерден таап жейсиң.
Eksplore Башталыш 3:17
7
Башталыш 3:11
Кудай Эге адамдан: – Жылаңачсың деп сага ким айтты? Мен жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби? – деп сурады.
Eksplore Башталыш 3:11
8
Башталыш 3:24
Адамды кууп чыккандан кийин, өмүр бере турган даракка алып барчу жолду күзөтүү үчүн Эден багынын чыгыш жагына керуптарды жана туш тарапка айланып турган оттуу кылычты коюп койду.
Eksplore Башталыш 3:24
9
Башталыш 3:20
Адам аялына Обо деген ат койду. Себеби ал жердеги жашоочулардын түпкү энеси болду.
Eksplore Башталыш 3:20
Akèy
Bib
Plan yo
Videyo