Марк 3
3
Колу сенек адам
1Ыйса кайрадан синагогага келди. Синагогада колу сенек бир адам бар эле. 2Ошол кишини дем алыш күн экенине карабай айыктырар бекен деп, фарисейлер Ыйсаны айыпка жыгуунун амалын издеп, алдыртан байкап турушту. 3Ыйса болсо, колу сенек адамга:
– Алдыга чык, – деди.
4Анан тигилерге кайрылып:
– Дем алыш күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же кууратуу керекпи? – деди.
Тигилер унчугушпады. 5Ыйса аларды каардуу көзү менен кыдырата карап, ушунчалык таш боордугуна кейиди. Анан жанагы колу сенек кишиге:
– Колуңду сун! – деди.
Тигил колун сунар замат айыгып кетти. 6Ошондо фарисейлер сыртка чыгышып, Ирод тараптагылар менен чогулушуп, алар менен бирге кантип Ыйсанын көзүн тазалаштын жолун сүйлөшүштү.
Көл жээгиндеги калың эл
7Ыйса шакирттери менен бирге Галилея көлү тарапка кетип калды. Галилея жана Иудея аймактарынан, 8Иерусалимден жана Идумея аймагынан, Иордандын чыгыш тарабынан, Тир жана Сидон шаарларынын айланасынан адамдар Ыйсанын кылган иштерин угушуп, Ага жоон топ болуп агылып келип жатышты. 9Топураган көп элдин Ыйсаны жөөлөп кысканынан улам Ал шакирттерине:
– Мага бир кайыкты камдагыла, – деди.
10Ыйса көп адамдарды айыктырган болчу, ошондуктан оорулуулар Ага колдорун тийгизүүгө жулунуп жатышты. 11Кара күчкө чалдыккандар болсо Ыйсаны көргөндө алдына кулап: «Сен Кудайдын Уулусуң!» – деп чаңырып жатышты. 12Ыйса аларга Өзүнүн ким экенин жарыя кылууга катуу тыюу салды.
Он эки элчинин тандалышы
13Анан Ыйса тоого чыгып, Өзү тандап алган бир нече кишини чакырды. Алар келишкенде, 14-15арасынан он экисин Өзү менен бирге болууга дайындап, буларды элчилер деп атады. Аларды жар салууга жөнөттү да, жиндерди кууп чыгуу бийлигин берди. 16Төмөндө ошол он эки элчинин аттары: Ысман (Ыйса ага Петир деген ат койду), 17Зебедей уулу Жакып жана анын иниси Жакан (Ыйса аларды Боонергестер деп атады, аттын мааниси «Күн күркүрөөнүн уулдары»), 18Идрис, Филип, Барталамей, Матай, Том, Алпей уулу Жакып, Тадай, Динчил#3:18 Улутчул диний партиянын мүчөсү. Ысман, 19ошондой эле кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.
Ыйса жана шайтан
20Ушундан соң, Ыйсалар үйгө келишти. Кайрадан эл жыйылып, шам-шум этип алууга да мүмкүнчүлүктөрү болбой калды. 21Бул тууралуу кабар Ыйсанын жакындарына жеткенде, алар Аны алып кетүү үчүн келишти, анткени эл: «Бул акылынан адашыптыр», – деп сөз кылып жаткан болчу. 22Иерусалимден келген кээ бир дин мугалимдери болсо: «Мунун ичинде Бээлзебул#3:22 Бээлзебул – шайтандын дагы бир аты. бар! Бул жиндерди алардын ошол башчысынын күчү менен кубалап жатат», – дешти.
23Ошондо Ыйса аларды чакырып алып мындай деген ибарат айтты:
– Кантип шайтан шайтанды кубалай алат? 24Эгер мамлекет өз ичинен бөлүнүп-жарылса, кыйрайт. 25Эгер үй-бүлөнүн ыркы кетсе, соо калбайт. 26Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, бөлүнүп-жарылса, анда соо калбайт, соодасы бүтөт. 27Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат. 28Силерге бир чындыкты айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет, 29а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, анда ал эч качан кечирилбейт, ошол күнөөсү түбөлүк мойнунда калат.
30Ыйса бул сөздү кээ бир адамдардын: «Муну кара күч басыптыр!» – дегенинен улам айтты.
Ыйсанын энеси жана бир туугандары
31Ушундан соң, Ыйсанын энеси менен бир туугандары келишип, сырттан туруп Аны чакыртышты. 32Ыйсанын айланасында толтура адамдар олтурган болчу. Алар Ыйсага:
– Энең, инилериң жана карындаштарың келип, сыртта сени чакырып жатышат, – дешти.
– 33Менин энем менен бир туугандарым кимдер? – деди аларга Ыйса.
34Анан айланасында олтургандарды сыдыра карап алып:
– Менин энем менен бир туугандарым булар! 35Анткени ким Кудайдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, – деди.
Currently Selected:
Марк 3: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: