Марк 2
2
Шал болгон адамдын айыгышы
1Арадан бир аз күндөр өтүп, Ыйса кайрадан Капарноомго келди да, Анын үйдө экени баарына маалым болду. 2Көптөгөн эл жыйылып, эшигинин алдында бут коёрго жер калбады. Ыйса болсо аларга Кудайдын сөзүнөн таалим бере баштады. 3Шал оорулууну көтөрүп келишкен төрт адам 4элдин көптүгүнөн Ыйсага жакындай албай, Ал турган бөлмөнүн үстүн ачып, төбөсүн тешишти да, оорулууну төшөнчүсү менен кошо төмөн түшүрүштү. 5Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулуу адамга:
– Балам, сенин күнөөлөрүң кечирилди! – деди.
6Ошол жерде олтурушкан дин мугалимдеринин кээ бирөөлөрү ичинен: 7«Мынабу эмне деп жатат! Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат!» – дешти. 8Алардын бул оюн дароо туя койгон Ыйса мындай деди:
– Силер эмне үчүн мындай ойлоп жатасыңар? 9«Күнөөлөрүң кечирилди!» деген жеңилби же «Тур, төшөгүңдү ал да бас!» дегенби? 10Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетиндеги күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар!
Анан шал кишиге:
– 11Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө жөнө! – деди.
12Шал оорулуу киши ошол замат тура калып, төшөгүн алды да, баарынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Баары жакаларын кармашып:
– Ой, тобо, эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек! – деп, Кудайды даңкташты.
Лебинин шакирттикке тандалышы
13Ыйса кайрадан Галилея көлүнүн жээгине барды. Ошол жерге келген элдин баарына таалим берди. 14Өтүп баратып, салык жыйноочу жайда олтурган Алпейдин уулу Лебини көрдү да ага:
– Менин жолума түш, – деди.
Леби ордунан туруп, Ыйсаны ээрчип жөнөдү.
15Кийинчерээк Ыйса шакирттери менен бирге Лебинин үйүндө конок болуп, дасторкондун чекесинде жамбаштап жатты. Ыйсанын артынан ээрчип жүргөн көп салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр да Аны менен бир дасторкондон тамак жеп жатышты. 16Ыйсанын салыкчылар жана күнөөкөрлөр деп четке кагылган адамдар менен бирге олтуруп тамак жеп олтурганын көрүшкөн фарисей тобундагы дин мугалимдери Анын шакирттерине:
– Эй, эмне үчүн бул салыкчылар менен күнөөкөрлөргө кошулуп, бир дасторкондон тамак жейт? – дешти.
17Муну уккан Ыйса:
– Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, – деди.
Орозо тутуу маселеси
18Жакыянын шакирттери жана фарисейлер орозо тутуп жүрүшкөн. Ошондуктан кээ бир кишилер Ыйсага келишип:
– Жакыянын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо тутушат, а эмне үчүн сенин шакирттериң тутушпайт? – дешти.
19Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар орозо тутушабы? Күйөө бала араларында турган кезде, аларга орозо тутууга болбойт! 20Алардын арасынан күйөө бала алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат. 21Жаңы кийимден алынган жамаачыны эски кийимге эч ким жамабайт, анткени жаңы жамаачы эски кийимди айрып, жыртыгын мурдагысынан да чоң кылып коёт. 22Эч ким жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек.
Дем алыш күнү тууралуу
23Дем алыш күндөрүнүн биринде Ыйсага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жолдо баратканда, шакирттери эгиндин баштарын жула башташты.#2:23 Мыйз. 23:25. 24Муну көргөн фарисейлер Ыйсага:
– Карачы, эмне үчүн шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! – дешти.
25Ыйса аларга:
– Өзүнүн жана жанындагы адамдардын карды ачып, бир нерсе жегенге зар болуп турганда, Дөөттүн эмне кылганын силер окуган жок белеңер? 26Ал Абыятар башкы динкызматчы болуп турганда, Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон,#2:26 Леб. 24:9; 1 Шамил 21:6. – деди.
27Ыйса сөзүн мындайча аяктады:
– Адам дем алыш күнү үчүн эмес, тескерисинче, дем алыш адам үчүн жаратылган! 28Андыктан Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси.
Currently Selected:
Марк 2: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: