YouVersion Logo
Search Icon

Матай 4

4
Шайтандын сыноосу
1Ушул окуядан соң, ибилистин сыноолорунан өткөрүү үчүн Кудайдын Руху Ыйсаны чөлгө алып келди. 2Кырк күн, кырк түн орозо кармаган Ыйса аягында ачка болгонун сезди. 3Ошондо азыткы келип:
– Эгерде сен Кудайдын Уулу болсоң, мынабу таштарга айтчы, нан болуп калсын, – деди.
4Ыйса:
– Ыйык Жазууда: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,#4:4 Мыйз. 8:3. деп жазылып турат, – деди.
5Ошондо ибилис Аны ыйык шаар Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө чыгарып койду да:
6Кана, Кудай Уулу болсоң, өзүңдү төмөн таштап жиберчи, анткени «Кудай Өзүнүн периштелерине буйрук берет, алар сенин бутуңду ташка тийгизбей илип кетишет»,#4:6 Заб. 90:11-12. деп жазылган эмеспи, – деди.
7Ыйса:
– «Кудай Эгеңди сынаба!»,#4:7 Мыйз. 6:16. деп да жазылган, – деп жооп берди.
8Ибилис Ыйсага дагы келип, Аны абдан бийик тоого алып чыгып, бул дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алардын байлыгын көрсөтүп:
9Эгерде алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын сага берем, – деди.
10Ыйса ага мындай жооп берди:
– Жогол нары, шайтан, «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»#4:10 Мыйз. 6:13. – деп жазылып турат!
11Ыйса ушундай дегенде, ибилис Андан кетип калды да, периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.
Ыйсанын Галилеядагы кызматынын башталышы
12Ыйса Жакыянын камалганын угуп, Галилеяга кетип калды. 13-14Бирок Ышая пайгамбар аркылуу айтылган Кудайдын сөзү аткарылышы үчүн Назаретте калган жок, келери менен Забулун жана Напталы урууларына караган Галилея көлүнүн жээгиндеги Капарноом шаарында жашап калды. Ышая пайгамбар болсо мындай деген:
15«Иордан дарыясынын ары жагында,
Деңизге алып барчу жол боюнда
Жаткан жер – Забулун да, Напталы да,
Башка улуттар жашаган Галилея!
16Караңгыда жашаган эл
Көрдү улуу жарыкты!
Нур төгүлдү болгондорго
Далдаасында ажалдын!».#4:15-16Ыш. 9:1-2.
17Ошол убактан тартып Ыйса:
– Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, – деп жар сала баштады.
Ыйсанын алгачкы шакирттери
18Галилея көлүнүн жээги менен басып бараткан Ыйса эки бир тууганды: Петир аталган Ысманды жана Идристи көрдү. Алар көлгө тор салып жатышкан болчу, анткени алардын кесиби балыкчы эле. 19Ыйса аларга мындай деди:
– Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм!
20Алар болсо ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү. 21Ыйса андан ары баратып, дагы бөлөк эки бир туугандарды: Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бир кайыкта олтуруп алып, торлорун жамап жатышкан. Ыйса аларды Өзүнө чакырды. 22Алар ошол замат кайыкты да, андагы атасын да калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
Ыйсанын Галилеядагы адамдарга таалим берип, айыктырышы
23Ыйса Галилеяны кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, Кудайдын Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жар салып, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү. 24Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына тарап кетти. Адамдар Ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, жаны сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал оору болуп калгандарды алып келишип, Ыйса аларды айыктырды. 25Ошондо Галилеядан, Оншаар аталган жерден, Иерусалимден, Иудеядан жана Иордан дарыясынын ары жагынан көптөгөн адамдар Анын артынан жөнөштү.

Currently Selected:

Матай 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy