YouVersion Logo
Search Icon

Матай 1

1
Ыйса Машаяктын санжырасы
1Ыбрайымдын тукумунан чыккан Дөөт падышанын тукуму Ыйса Машаяктын санжырасы: 2Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана анын ага-инилери, 3Жүйүттүн Тамар аттуу аялынан Перес менен Зерак, Перестен Эсрон, Эсрондон Рам, 4Рамдан Аминадап, Аминадаптан Наасон, Наасондон Салмон, 5Салмондун Рахап аттуу аялынан Обоз, Обоздун Рут аттуу аялынан Абыт, Абыттан Жесей, 6Жесейден Дөөт падыша туулган. Дөөт падыша Урийдин жесирине үйлөнүп, андан Сулайман туулган. 7Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абыя, Абыядан Аса, 8Асадан Жашапат, Жашапаттан Жорам, Жорамдан Узия, 9Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Эзекия, 10Эзекиядан Манаш, Манаштан болсо Амос, Амостон Жошия, 11Жошиядан Жехояхин жана анын бир туугандары туулган. Ушундан соң, Жүйүттүн эли Бабылга зордук менен көчүрүлгөн. 12Бабылга көчүрүлгөндөн кийин Экониядан Шелтиел, Шелтиелден Зоробабыл, 13Зоробабылдан Абыют, Абыюттан Элияким, Элиякимден Азор, 14Азордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элиют, 15Элиюттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып, 16Жакыптан Жусуп туулган. Жусуп Машаяк аталган Ыйсаны төрөгөн Мариямдын күйөөсү болот. 17Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейинки мезгилдин аралыгында он төрт муун, Дөөттөн Бабылга көчүрүлгөн мезгилге чейин он төрт муун, Бабылга көчүрүлгөндөн Машаяк төрөлгөнгө чейинки аралыкта он төрт муун өткөн.
Ыйса Машаяктын төрөлүшү
18Ал эми Ыйса Машаяк мындайча төрөлгөн: сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, келечекте төрөлө турган Ыйсанын энеси Мариям күйөөгө чыга электе эле Ыйык Рухтан кош бойлуу экендиги маалым болот. 19Болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан Мариямды эл алдында шерменде кылгысы келбей, жашыруун башын ачып коюуну чечет.
20Ушундай ойлоп жүргөндө, Жараткан Эгенин периштеси түшүнө кирип, мындай дейт: «Жусуп! Дөөттүн тукуму, колуктуң Мариямды алгандан коркпо! Анткени боюндагы Бала Ыйык Рухтан бүткөн. 21Төрөгөндө Балага Ыйса#1:21 Ыйса деген аттын мааниси «куткаруучу». деген ат коёсуң, анткени Ал Өз элин алардын күнөөлөрүнөн куткарат».
22Мунун баары Жараткан Эгенин Өз пайгамбары аркылуу айттырган сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. 23Ал мындай дебеди беле: «Бир кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, атын Имануэл коюшат».#Ыш. 7:14. (Мунун мааниси: Кудай биз менен.)
24Жусуп ушул түштөн кийин Жараткан Эгенин периштесинин буйругу боюнча колуктусу Мариямга үйлөнөт. 25Бирок ал төрөгөнгө чейин аны менен төшөктө чогуу жатпайт. Аялы Уул төрөгөндө, Балага Ыйса деген ат коёт.

Currently Selected:

Матай 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy