1
Жашыя 14:11
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Бирок мен бүгүн деле Муса жөнөткөн убактагыдай эле бакубатмын. Ошол убакта кандай алдуу-күчтүү болсом, азыр да согушууга, башка иштерге да каруум жетет!
Porovnat
Zkoumat Жашыя 14:11
2
Жашыя 14:12
Ошондуктан ошол күнү Жараткан Эге айткан тиги тоолуу жерди мага бер. Ал жерде Анактын урпактары жашарын, алардын шаарлары чоң, чептүү экенин ошол күнү сен да уккансың. Балким, Жараткан Эге мени колдоп, Өзү убада кылгандай аларды кубалап чыгармын.
Zkoumat Жашыя 14:12
3
Жашыя 14:10
– Мына, өзүң көрүп тургандай, Жараткан Эге Мусага ушундай деп айтканына кырк беш жыл болду. Ал убакта Ысрайыл чөл кезип жүргөн эле. Жараткан Эге Өзү убада кылгандай, ошондон бери жанымды сактап келе жатат. Мына, азыр сексен беш жаштамын.
Zkoumat Жашыя 14:10
Domů
Bible
Plány
Videa