Жунус 3

3
Кудайдын айтканын аткаруу
1Анан Жараткан Эге Жунуска экинчи жолу кайрылып, мындай деди:
2– Эми камданып, улуу шаар Нинебиге баргын да, сага айтканымды калаа тургундарына жарыяла. 3Жунус Жараткан Эгенин амирине моюн сунуп, камданып алып, Нинеби шаарына жөнөдү. Нинеби абдан чоң болчу, аны жөө аралап басканда үч күндүк жол эле. 4Жунус шаарга кирип, бир күн кечке аны аралап: «Кырк күндөн кийин ушул шаар талкаланат» деп жар салды.
Бутпарастардын терс жолдон кайтышы
5Муну уккан нинебиликтер Кудайдын айтканына ишенип, орозо кармашты. Чоңунан кичинесине чейин кайгырып зумбал кийишти. 6Бул кабар Нинеби падышасына жеткенде, ал тагынан түшүп, падыша кийимин чечип салып, зумбал кийип, күлгө олтурду. 7Анан ал өзүнүн жана төрөлөрүнүн атынан шаар тургундарына «Адамдар да, мал да эч нерсе жебесин да, ичпесин. Бодо мал да, майда жандык да жайытка чыгарылбасын!» деп жарыялоону буйрук кылды. 8«Адамдар да, мал да зумбал жамынсын. Баарыңар Кудайга катуу боздоп жалбаргыла. Ар бир адам өзүнүн зордук-зомбулугун токтотуп, ыпылас иштеринен баш тартсын. 9Ким билет, балким, Кудай бизди аяп, жалындаган каары басылып, өлбөй каларбыз». 10Ошондо Кудай алардын изги иштерин, жаман жолунан кайтканын көрүп, боору ооруп, алардын башына түшүрөм деп айткан алааматты салган жок.

目前選定:

Жунус 3: КЫРИ

醒目顯示

分享

複製

None

想在你所有裝置上儲存你的醒目顯示?註冊帳戶或登入