Жунус 4

4
Жунустун капа болушу
1Жунус болсо буга абдан нааразы болуп, туталанды. 2Ал Жараткан Эгеге кайрылып, мындай деди:
– Оо, Эгем! Мен өз өлкөмдө экенимде эле ушундай болот деп айтпадым беле? Ошон үчүн мен Таршышка качып кеткем, анткени Сенин ырайымдуу, кайрымдуу, абдан сабырдуу, сүйүүсү мол Кудай экениңди, алаамат жиберемин деген ниетиңден да кайтууга даяр экениңди билгенмин. 3Эгем, эми жанымды ала көр, тирүү жүргөндөн көрө өлгөнүм артык. 4Ошондо Жараткан Эге:
– Сен ушул нерсеге ачууланып жатасыңбы? – деп сурады.
5Жунус калаадан чыгып, анын күн чыгыш тарабындагы бир жерге өзүнө алачык жасады да, ичине кирип, шаар эмне болор экен деп көлөкөдө калааны карап олтуруп алды. 6Бир маалда эле Кудай Эге Жунустун башына көлөкө болуп, анын кыйынчылыгы жеңилдесин деп бир өсүмдүктү өстүрүп койду. Жунус ал өсүмдүктүн өсүп чыкканына абдан кубанды. 7Бирок эртеси таң атканда, Кудай бир куртту жиберди. Ал курт өсүмдүктү кемирип, кууратып салды.
Кудайдын тарбиясы
8Күн тик көтөрүлгөндө, Кудай аптаптуу чыгыш шамалын жиберди. Күн Жунустун башын куйкалай баштады, ошондо анын алы кетип, өзүнө өлүм тилеп:
– Минтип жашагандан көрө, өлүп калганым артык, – деп наалыды. 9Кудай Жунуска:
– Ушул өсүмдүк үчүн эле ачууланып жатасыңбы? – деп сурады. Жунус болсо:
– Ооба, ачууланып жатам – деди ал, – мындан көрө өлгөнүм жакшы болмок! 10Ошондо Жараткан Эге мындай деди:
– Сен өзүң мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндүн ичинде өсүп, кийинки түндө соолуп калган өсүмдүк үчүн кейип жатасың. 11Анан Мен ак менен караны ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар улуу Нинеби шаарын кантип аябайын?

目前選定:

Жунус 4: КЫРИ

醒目顯示

分享

複製

None

想在你所有裝置上儲存你的醒目顯示?註冊帳戶或登入