1
Жашыя 1:9
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Мен сага буйрук кылам, бекем, кайраттуу бол. Эч коркпогун, көңүлүң да чөкпөсүн, анткени кайда барсаң да, Жараткан Эге, Кудайың сени колдойт.
對照
Жашыя 1:9 探索
2
Жашыя 1:8
Тооратта жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын баарын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо акыл-эстүүлүк менен иш кылып, өркүнүң өсүп, ийгиликтүү болосуң.
Жашыя 1:8 探索
3
Жашыя 1:7
Сен тек гана бекем, кайраттуу бол, Менин кулум Муса берген мыйзамдын баарын сактап, так аткар. Бардык иштериң ийгиликтүү болуш үчүн, андан оңго да, солго да бурулба.
Жашыя 1:7 探索
4
Жашыя 1:5
Өмүрүң өткөнчө эч ким сага каршы тура албайт. Мен Мусаны кандай колдосом, сени да ошондой колдойм. Сенден эч качан алыстабайм, сени таштабайм.
Жашыя 1:5 探索
5
Жашыя 1:6
Бекем, кайраттуу бол! Мен ата-бабаларына берем деп ант берген ошол жерди аларга сен алып бересиң.
Жашыя 1:6 探索
6
Жашыя 1:3
Мусага убада кылганымдай, таманыңар тийген жердин баарын өзүңөргө беремин.
Жашыя 1:3 探索
7
Жашыя 1:2
– Менин кулум Муса көз жумду. Эми өзүң баш болуп бүт эл-журтуң менен мына бул Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө – Мен Ысрайыл урпактарына бергени жаткан жерге өтүп бар.
Жашыя 1:2 探索
8
Жашыя 1:1
Кудайдын кулу Муса дүйнө салгандан кийин, Мусанын жардамчысы Нундун уулу Жашыяга Жараткан Эге мындай деди
Жашыя 1:1 探索
9
Жашыя 1:4
Түштүктөгү ушул чөлдөн түндүктөгү Ливан тоолоруна чейин, чыгыштагы Эфрат дарыясынан батыштагы Жер Ортолук деңизге чейинки жерлер жана хеттердин бардык жерлери силердин чегиңер болот.
Жашыя 1:4 探索
10
Жашыя 1:18
Сенин буйругуңа каршы чыгып, сөзүңө кулак салбаган ар бир адам өлүмгө өкүм кылынат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!
Жашыя 1:18 探索
11
Жашыя 1:11
– Конушту аралап, элге: «Жол азык камдагыла, үч күндөн кийин ушул Иордандын аркы жээгине өтүп, Жараткан Эге, Кудайыңар силерге берип жаткан жерге ээлик кылуу үчүн киресиңер» деп буйрук бергиле.
Жашыя 1:11 探索
主頁
聖經
計劃
影片