Элчилер 21

21
Пабылдын Иерусалимге сапар тартышы
1Биз Эфестеги ишенгендер менен коштошуп, кеме менен түптүз Кос аралына келдик. Эртеси күнү Родос аралына, андан чыгып, Патара шаарына сүзүп бардык. 2Патарадан Финикияга бара турган кемени таап, сүзүп кеттик. 3Кипр аралы көрүнгөндө, аны солго калтырып, Сирияга бет алдык. Тир шаарында кемеден жүк түшүрүлө тургандыктан, жерге түштүк. 4Шаардан Ыйсанын шакирттерин таап, жети күндөй алар менен бирге болдук. Алар Ыйык Рух берген аян менен Пабылды Иерусалимге барба дешти. 5Бирок биз убактыбыз аяктаганда, жолго чыгып, сапарыбызды уланттык. Бардык ишенгендер аялдары, бала-чакасы менен бирге бизди шаардан узатып чыгышты. Деңиз жээгине жеткенде тизе бүгүп, чогуу сыйындык. 6Бири бирибиз менен коштошуп, биз кемеге түштүк, алар болсо үйлөрүнө кайтышты.
7Тирден сүзүп чыгып, Пытоломей шаарына келдик. Шаардан боордошторубузга жолугуп, алар менен бир күн болдук. 8Кийинки күнү ал жерден чыгып, Кесария шаарына келдик. Жети кызматчынын бири – Жакшы Кабар жарчысы болгон Филиптин үйүнө барып, аныкында болдук. 9Филиптин турмушка чыга элек төрт кызынын пайгамбарлык касиети бар экен.
10Кесарияда бир нече күн турганыбызда, Иудеядан Агап деген бир пайгамбар адам келди. 11Ал бизге жолугары менен Пабылдын курун алды да, өзүнүн колу-бутун байлап, мындай деди:
– Ыйык Рух айтат: Иерусалимдеги иудейлер бул курдун ээсин ушундай кылып байлап, башка улуттагылардын колуна тапшырышат.
12Бул сөздү укканда, биз ошол жердегилер менен бирге Пабылга:
– Иерусалимге барбачы! – деп жалбардык.
13Бирок ал:
– Бул эмнеңер? Эмне үчүн ыйлап, жүрөгүмдү эзесиңер? Мен Эгебиз Ыйса үчүн байланмак тургай, Иерусалимде өлүмгө да даярмын, – деди.
14Пабылды көндүрө албаган соң:
– Мейли эми, Эгебиздин эркиндей болсун, – деп тим болдук.
15Ошол күндөрдөн кийин буюм-тайымдарыбызды жыйнап, Иерусалимге жөнөдүк. 16Кесариялык ишенгендердин бир нечеси биз менен чогуу чыгышкан эле. Алар бизди Ыйсанын алгачкы шакирттеринин бири болгон кипрлик Минасондун үйүнө баштап барышты. Ошентип, биз аныкында жашап калдык.
Пабылдын Иерусалимден Жакыпка жолугушу
17Иерусалимде бизди боордоштор жылуу кабыл алышты. 18Кийинки күнү Пабыл менен бирге Жакыпка бардык. Жыйын жетекчилеринин баары ошол жерге чогулуп калышыптыр. 19Алар менен учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин, Пабыл өзү аркылуу башка улуттагылардын арасында кылган Кудайдын иштерин төкпөй-чачпай айтып берди. 20Пабылдын сөзүн уккандан кийин, алар Кудайды даңкташты. Анан Пабылга мындай дешти:
– Боордошубуз Пабыл, канча миңдеген иудейлер ишенимге келгенин көргөндүрсүң. Алардын баары Тоорат мыйзамы дегенде эт-бетинен кеткендер. 21Ошолордун айтымында, сен башка жерлерде жашаган бардык иудейлерге барып, аларга: «Тоорат мыйзамынан чыккыла, балдарыңарды сүннөткө олтургузбагыла, иудейлердин салтын кармабагыла!» деп үгүт жүргүзүптүрсүң. 22Эми, албетте, алар келгениңди угушат. Анан чатак чыгат. Анда эмне кылдык? 23Ошондуктан биздин айтканыбызды ук: бизде өздөрүн назирликке арнаган төрт киши бар. 24Сен ошолорго кошул да, алар менен бирге Тоорат мыйзамынын талабы боюнча тазалануу расмисинен өт. Назирлик мөөнөттөрү аяктаганы билинип, чачтарын алууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн алардын бардык чыгымдарын сен көтөр. Ошондо сен тууралуу айтылган сөздөрдүн натуура экени жана Тооратты сактап жүргөнүң баарына билинет. 25Башка улуттагы ишенүүчүлөргө болсо, биз чечимибизди жазып жибердик: алар буркандарга атап чалынган курмандык менен арам өлгөн малдын этин жана канды жебеши керек, ошондой эле бузуктук кылбашы керек.
26Эртеси күнү Пабыл ошол адамдарды жанына алып, алар менен бирге тазалануу расмисинен өттү. Андан соң, ийбадатканага барып, тазаланыш убактысы качан аяктарын, ар бири үчүн качан курмандык чалынарын дин кызматкерлерине маалым кылды.
Пабылдын кармалышы
27-28Арадан бир жума өтпөй, Асиядан келген иудейлер Пабылды ийбадатканадан көрүп, ага кол салышты. Элди ызы-чуу кылып:
– Агайындар, жардам бериңиздер! Биздин элибизди, Тоораттагы ыйык мыйзамды жана касиеттүү ийбадатканабызды көрүнгөн жерде жамандап, тил тийгизип жүргөн киши ушул. Ал тургай ийбадаткананын ичине башка улуттагыларды алып кирип, бул ыйык жайды арам кылды, – деп бакырышты.
29Анткени алар мурдараакта шаарда Пабыл менен жүргөн башка улуттагы эфестик Трофимди көрүшүп, Пабыл аны ийбадатканага алып кирди деп ойлошкон.
30Шаар кыймылга келип, эл дүрбөдү. Пабылды кармап, ийбадаткананын сыртына сүйрөп чыгышты. Ошол замат дарбазалар жабылды. 31Эл Пабылды сабап, өлтүргөнү жатканда, Иерусалимдеги бул тополоң тууралуу кабар римдик миң башыга жетти. 32Ал жоокерлери менен жүз башыларын алып, дароо жетип келди. Тигилер миң башыны көргөндө, Пабылды сабаганын токтото калышты. 33Миң башы жакын басып келип, Пабылды жоокерлерине карматты да, кош чынжыр менен байлоону буйруду. Анан элден Пабылдын ким экенин, кандай кылмыш кылганын сурады. 34Тополоң түшкөн элдин арасынан бири а десе, бири бу деп, ар нерсенин башын айтып, кыйкырып жатышты. Миң башы ызы-чуудан иштин жайын биле албай, Пабылды сепилге алып барууну буюрду. 35Пабыл сепилдин тепкичтерине жетип калганда, ачууланган эл туш-тараптан кыскандыктан жоокерлер Пабылды көтөрүп алышты. 36Анткени аны ээрчиген көпчүлүк:
– Буга өлүм! – деп кыйкырып жатты.
37Сепилге кирип баратышканда, Пабыл миң башыга грекче кайрылып:
– Менде сөз бар, сизге айтсам болор бекен? – деди.
– Сен грекче билесиңби? – деди миң башы таңыркай. – 38Анда бир нече күн мурда көтөрүлүш чыгарып, төрт миңдей эврей улутчулдарын чөлгө ээрчитип, качып кеткен мисирлик сен болуп жүрбө!?
39Пабыл:
– Мен Киликиянын абдан белгилүү Тарс деген шаарында төрөлгөн иудеймин. Сизден суранам, элге бир нече сөз айтып калууга уруксат бериңиз, – деди ага жооп берип.
40Миң башы уруксат бергенде, Пабыл тепкичте турган жеринен колу менен ишарат кылып, сүйлөөгө камынды. Эл тынчый түштү. Ошондо Пабыл эврей тилинде сүйлөй баштады.

Àwon tá yàn lọ́wọ́lọ́wọ́ báyìí:

Элчилер 21: КЫРИ

Ìsàmì-sí

Pín

Daako

None

Ṣé o fẹ́ fi àwọn ohun pàtàkì pamọ́ sórí gbogbo àwọn ẹ̀rọ rẹ? Wọlé pẹ̀lú àkántì tuntun tàbí wọlé pẹ̀lú àkántì tí tẹ́lẹ̀