Башталыш 2

2
1Ушундайча асман менен жер жана алардагынын баары өз ирети менен жаратылды. 2Жетинчи күнгө оогондо Кудай Өзүнүн бардык ишин аяктап, ушул күнү эс алды. 3Жетинчи күнгө Кудай батасын берип, аны ыйык күн кылып бөлүп койду. Себеби Ал Өзүнүн жаратуучулук ишинин баарын бүтүргөн соң, ушул күнү эс алды.
Адам менен Обонун жаралышы
4Асман менен жер жаралгандагы баян мындай: Кудай Эге жер менен асманды жараткан кезде 5али жер бетинде талаа бадалдары да, өсүмдүктөр да өскөн эмес эле. Себеби Кудай Эге жерге жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок болгон. 6Жерден буу көтөрүлүп чыгып, бүтүн жер бетин сугарып турган. 7Ошондо Кудай Эге жердин топурагынан адамды турпатына келтирип жасап, анын мурдуна өмүр демин үйлөдү. Ушинтип адам тирүү жан болду. 8Кудай Эге чыгышта, Эден деген жерге бак отургузуп, Өзү турпатына келтирип жасаган адамды ошол жерге жайгаштырды. 9Андан кийин Кудай Эге көз жоосун алган, жегенге жакшы жемиштерди бере турган түрлүү дарактарды жерден өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр берчү даракты жана жакшылык менен жамандыкты билдире турган даракты да өстүрдү. 10Эденден бир дарыя агып, бакты сугарат да, андан ары төрткө бөлүнүп кетет. 11Биринчиси Пишон деп аталат, ал алтын чыга турган бүткүл Хабила өлкөсүн айланып агат. 12Ал жердин алтыны таза, жыпар жыттуу чайыр менен оникс асыл ташы да бар. 13Экинчи дарыя Гихон деп аталат, ал Куш өлкөсүн айланып агат. 14Үчүнчү дарыянын аты Тигр, ал Ашурдун чыгыш жагынан өтөт. Төртүнчү дарыя – Эфрат. 15Эден багын иштетсин, аны кайтарсын деп, Кудай Эге адамды ошол жерге жайгаштырды. 16Ага мындай буйрук берди: «Сен бактагы дарактардын баарынын жемишинен жесең болот. 17Бирок жакшылык менен жамандыкты билдире турган дарактын жемишин жебе! Себеби андан жеген күнү өлгөнүң өлгөн». 18Андан кийин Кудай Эге: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес, ага өзүнө ылайык жардамчы жаратайын» – деди. 19Кудай Эге жапайы жаныбарлардын, асмандагы куштардын баарын топурактан турпатына келтирип жасап, аларды кандай атарын билүү үчүн адамга алып келди. Адам кандай ат койсо, тирүү жандар ошондой атала турган болду. 20Ошентип менен адам малга, жапайы жаныбарлар менен асмандагы куштардын баарына ат койду. Ал эми адамдын өзүнө ылайык жардамчы табылбады. 21Ошондо Кудай Эге адамды катуу уктатып, уктап жатканда анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду. 22Кудай Эге ошол кабыргадан аялды жаратып, аны адамга алып келди. 23Ошондо адам мындай деди:
«Сөөгүмдөн бүткөн сөөк ушул,
Этимден бүткөн эт ушул!
Эркектен алып жасалды,
Аял#2:23 Аял … – Эврейче «аял» деген сөз «эркек» деген сөздөн алынган. Бул алардын табияты бир экенин көрсөтөт. деп аты коюлсун».
24Ошол үчүн эркек ата-энесин калтырып, аялына жабышат да, экөө бир бүтүн болот. 25Адам аялы экөө тең жылаңач болчу, уялышчу эмес.

Terpilih Sekarang Ini:

Башталыш 2: КЫРИ

Highlight

Kongsi

Salin

None

Ingin menyimpan sorotan merentas semua peranti anda? Mendaftar atau log masuk

YouVersion menggunakan kuki untuk memperibadikan pengalaman anda. Dengan menggunakan laman web kami, anda menerima penggunaan kuki kami seperti yang diterangkan dalam Polisi Privasi kami