1
Матай 7:7
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат!
താരതമ്യം
Матай 7:7 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
2
Матай 7:8
Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат.
Матай 7:8 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
3
Матай 7:24
Ошондуктан Менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткарган үйүн таш үстүнө курган акылдуу адамга окшош болот.
Матай 7:24 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
4
Матай 7:12
Ошентип, качан болсо да, өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. Бул Тоорат менен пайгамбарлардын жазмаларында айтылгандарга дал келет.
Матай 7:12 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
5
Матай 7:14
Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал дарбазаны тапкандар аз.
Матай 7:14 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
6
Матай 7:13
Тар дарбазадан киргиле, анткени апат болор жерге алып баруучу жол да, дарбаза да кенен жана ошол дарбазадан кирип жаткандар көп.
Матай 7:13 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
7
Матай 7:11
Ошентип, силер жаман болсоңор да балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер асмандагы Атаңар да сурагандарга жакшы нерселерди берет.
Матай 7:11 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
8
Матай 7:1-2
Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Анткени өзгөлөрдү кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат.
Матай 7:1-2 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
9
Матай 7:26
Ал эми ушул сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош.
Матай 7:26 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
10
Матай 7:3-4
Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», – деп кантип айтасың?
Матай 7:3-4 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
11
Матай 7:15-16
Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар. Аларды кылган иштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм же анжир теришпейт.
Матай 7:15-16 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
12
Матай 7:17
Ошондой эле жакшы дарактын жемиши да жакшы, жаман дарактын жемиши да начар болот.
Матай 7:17 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
13
Матай 7:18
Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ал эми начар дарак жакшы жемиш бербейт.
Матай 7:18 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
14
Матай 7:19
Жакшы жемиш бербеген дарак чаап салынат да отко ыргытылат.
Матай 7:19 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
ആദ്യത്തെ സ്ക്രീൻ
വേദപുസ്തകം
പദ്ധതികൾ
വീഡിയോകൾ