2 Петир 3
3
Эгебиздин кайра келиши жөнүндө
1Кымбаттуу боордошторум, мен силерге ушуну менен экинчи катымды жазып олтурам. Эки катымда тең айтып өткөндөрүмдү кайрадан эсиңерге салып, акыл-эсиңердеги адал ойлорду жаңыртууга далалат кылдым. 2Көп жылдар мурда ыйык пайгамбарлар айткан сөздөр менен элчилер аркылуу силерге берилген Эгебиздин жана Куткаруучубуздун осуятын унутпасаңар экен дейм. 3-4Баарынан мурда муну көңүлүңөргө түйүп алышыңар керек: акыркы күндөрдө өздөрүнүн күнөөлүү каалоолорунун жетегинде жашап: «Эгеңер келем деп убада бербеди беле? Кана келгени? Аталарыбыз о дүйнө кетти, бирок аалам жаратылгандан бери эч нерсе өзгөрбөй эле турбайбы!» – деп шылдыңдаган акаратчылар чыгат. 5Ушундай ойлогондор ошол убактагы асман менен жер Кудайдын сөзү аркылуу пайда болуп, жер болсо суудан чыгып, суудан жаратылганын,#3:5 Башт. 1:6 – 9. 6ошол себептен ал убактагы дүйнө топон сууга калып, ойрон болгонун, 7ал эми азыркы асман менен жер болсо Кудайдын ошол эле Сөзү аркылуу кудайсыздар ойрон боло турган сот күнүндөгү отко сакталып турганын эстегиси келбейт.#3:7 Башт. 7:11.
8Кымбаттуу боордошторум, бир нерсени эч качан эстен чыгарбагыла: Эгебиздин көз карашы боюнча бир күн менен миң жылдын айырмасы жок; Ага бул экөө бирдей.#3:8 Забур 89:5. 9Кээ бир адамдар «берген убадасын аткарууну Эгебиз кечиктирип жатат» деп ойлошот. Бирок андай эмес! Эгебиз эч кимдин ойрон болушун каалабай, баарыбызды тең ниеттерин өзгөртсө экен деп чыдамкайлык менен күтүүдө. 10Эгебиздин кайра кайтар күнү болсо ууру сымал күтүлбөгөн жерден келет. Ошондо асман катуу шуулдап жок болот, асмандагы заттар отко оронуп, ойрондолот, жердегилердин баары жер менен кошо жексен болот. 11-12Демек, баары ушундайча ойрондоло турган болсо, анда алоолонгон асман астын-үстүн болуп, андагы нерселер ысыктан ээрип жок боло турган Кудайдын күнүнүн тезирээк келишин самап күткөн силер канчалык ыйык, такыбаа жашашыңар керек? 13Биз Кудайдын берген убадасы боюнча, адилеттик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз. 14Ошондуктан, боордоштор, ошол күндү күтүп жаткан соң, Кудайдын алдына тынч жашап, булганбастан, таптаза болуп барууга аракеттенгиле. 15Эгебиздин көпкө чыдап күткөнүн куткарылуу жолу катары эсептегиле. Бул тууралуу кымбаттуу боордошубуз Пабыл да Кудай ага берген акылмандык менен өзүнүн силерге жазган каттарында келтире кеткен. 16Ал бул тууралуу башка каттарынын баарында тең айтат. Анын каттарында кээ бир акылга сыйбаган оор түшүнүктөр кездешет. Кээ бир караңгы, туруксуз адамдар башка Ыйык Жазууларды бурмалап жүргөн адаттары боюнча анын да каттарын бурмалашып, өз баштарына балээ үйүп жатышат.
Соңку сөз жана алкыш айтуу
17А силер болсо, кымбаттуу боордоштор, бул тууралуу билип калгандар катары мыйзамсыздардын каталарына жетеленип, туура абалыңардан оодарылып кетпей, 18Эгебиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяктын ырайымына таянып, Аны таанып-билүүдө өсүп жетиле бергиле. Ал бүгүн да, түбөлүк да даңкталсын. Оомийин.
Voafantina amin'izao fotoana izao:
2 Петир 3: КЫРИ
Asongadina
Hizara
Dika mitovy

Tianao hovoatahiry amin'ireo fitaovana ampiasainao rehetra ve ireo nasongadina? Hisoratra na Hiditra
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018