2 Петир 2
2
Жалган окутуучулар жөнүндө
1Мурда Ысрайыл элинин ичинен да жалган пайгамбарлар чыгышкандай, силердин ичиңерден да жалган окутуучулар чыгып, туура эмес окутуп, ак жолдон адаштырышат жана күнөөдөн куткарган Ээсин танышып, ошонусу менен башына түшө турган кырсыкты тездетишет. 2Көп адамдар алардын бузуку жолдоруна түшүп кетишет да, ошондойлордун айынан акыйкаттын жолуна сөз тиет. 3Акчага тойбогон алар керт башынын пайдасы үчүн бал тилин салып силерди алдашат. Соттоочусу эчак эле аларды жазалаганга даяр, Ойрондоочусу сак турат!
4Эгерде Кудай күнөө кылган периштелерди аябастан, аларды жазалоо үчүн караңгы тозоктун капастарына чынжырлап салган болсо, 5эгерде байыркы дүйнөнү аябастан, ошол бузукулардын дүйнөсүн топон сууга бастырганда, адилеттиктин жарчысы болгон Нухту сегиз адамдан турган үй-бүлөсү менен кошо аман сактап калган болсо,#2:5 Башт. 6:1 – 7. 6эгерде келечектеги кудайсыздарга эмне болорун көрсөтүү үчүн, Содом менен Гомор#2:6 Башт. 19:24. шаарларын күлгө айлантып жок кылууга өкүм чыгарып, 7ал эми ашынган бузуку адамдардын арасында жашоодон чаалыккан такыбаа Лотту куткарган болсо 8(анткени бул такыбаа адам алардын арасында жашап, күндө мыйзамсыз иштерди угуп-көргөндө өтө катуу кыйналган), 9анда, демек, такыбааларды кыйынчылыктан кантип куткарууну, ал эми мыйзамсыздарды жазалоо үчүн кыяматтагы сот күнүнө кантип кармап турууну Эгебиз билет. 10Өзгөчө алиги ыплас кумарларга берилип, Кудайдын бийлигин жек көрүшкөндөрдүн тагдыры ушундай болот.
Бул жалган окутуучулар – тоңмоюндар, көпкөндөр, рухий күчтөрдү сөккөндөн коркпогондор. 11Алар эмес, алардан бардык жагынан күчтүү периштелер да Эгебиздин алдында рухий күчтөрдү жектеп, соттошпойт. 12А булар болсо кармап алып сойгонго туулган, табигый туюмдун жетегинде жашаган акыл-эси жок жаныбарлардай. Булар түшүнбөгөн нерселеринин баарына тил тийгизишет. Алар кылган иштеринин жазасын алышат. 13Алардын кылган адилетсиздиктери өз башына тиет. Анткени алар өздөрүнүн ыплас кумарларын чак түштө кандырганды рахат деп эсептешет. Алар бузулган жашоосунан рахат алып, алдамчылыктарына маашырланган уятсыз бетпактар. 14Алардын көздөрү бузуктукка толуп, күнөөгө эч тойбойт. Алар ишеними алсыздарды торлоруна түшүрүшөт. Ниеттеринде болсо дайыма ачкөздүк. Алар Кудайдын каргышына калгандар. 15Алар ак жолду калтырып, парага кызыгып кеткен Босордун баласы Биламдан#2:15 Санак 22:4 – 35. үлгү алып, адашып калгандар. 16Бирок Биламдын эшеги анын күнөөсүн ашкерелеп, адамча сүйлөп жиберген. Ошентип тилсиз эшек пайгамбардын акылсыздыгын токтоткон.
17А булар болсо какшып калган кудуктардай, бороон айдаган булуттардай. Ошондуктан Кудай аларга көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын төрүнөн орун даярдап койгон. 18Алар текебер, бош сөздөрдү айтышып, туура эмес жолдо жашагандардан жаңы эле бөлүнүп чыккандарды ыплас кумарлар менен бузуку жүрүш-туруштун тузагына кайра түшүрүшөт. 19Аларга азаттыкты убадалашат, ал эми өздөрү арам адаттардын кулдугунан чыга албай жатышат. Адам кимге баш ийип берсе, ал ошонун кулу. 20Эгерде адамдар Эгебиз жана Куткаруучубуз болгон Ыйса Машаякты билгендери аркылуу бул дүйнөнүн бузуку күчтөрүнөн арылып, анан кайра ошол күчтөргө чалынышып, аларга жеңилип беришсе, анда алардын акыбалы мурдагыдан да жаман болот. 21Адилеттиктин жолун билип алып, анан кайра тескери кетип, берилген ыйык буйруктан чегингенден көрө, ал жолду билбей калганы аларга жакшы болмок. 22Алардын кылганы төмөнкү макалдардагы чындыктай: «ит кайра эле кусундусуна барат»#2:22 Нак сөз. 26:11. жана «жуулган чочко кайра эле чылага оонайт».
Voafantina amin'izao fotoana izao:
2 Петир 2: КЫРИ
Asongadina
Hizara
Dika mitovy

Tianao hovoatahiry amin'ireo fitaovana ampiasainao rehetra ve ireo nasongadina? Hisoratra na Hiditra
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018