Kisary famantarana ny YouVersion
Kisary fikarohana

1 Жакан 1

1
Ыйса – өмүр сөзү
1Тээ башынан эле болгон, биз өз кулагыбыз менен угуп, өз көзүбүз менен көрүп, өз колубуз менен кармаган өмүр сөзү жөнүндө. 2Бул өмүр көзгө көрүнгөндө биз аны көрдүк, ошондуктан ал тууралуу сүйлөп, түбөлүк өмүр тууралуу силерге айтып жатабыз. Ал Атабыз менен бирге болгон жана бизге көрүнгөн. 3Силер да биз менен жакын мамиледе болушуңар үчүн өзүбүз уккан-көргөнүбүздү айтып жатабыз. А биз болсо Кудай Атабыз жана анын Уулу Ыйса Машаяк менен жакшы мамиледебиз. 4Анан да кубанычыбыз толук болсун деп, бул кабарды силерге жазып олтурабыз.
Кудай – жарык
5Кудай – жарык, анда эч кандай караңгылык жок. Бул сөздү биз Ыйсанын Өз оозунан укканбыз, эми силерге жеткирели деп отурабыз. 6Эгер Аны менен мамилебиз бар деп, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда калп айтып, чындык боюнча жашаган жокпуз. 7Эгерде Ал Өзү жарыкта болгондой биз да жарыкта жүрсөк, анда бири бирибиз менен жакшы мамиледе болобуз жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди бардык күнөөлөрдөн жууп турат. 8Эгер күнөөбүз жок десек, өзүбүздү өзүбүз алдаганыбыз жана акыйкаттын бизде жоктугу. 9Эгер күнөөлөрүбүздү моюнга алсак, анда Ал биздин күнөөлөрүбүздү кечирет да бардык адилетсиздиктен арылтат. Анткени Ал Өзү ишенимдүү жана адил. 10Эгер күнөө кылган эмеспиз десек, анда Кудайды калпычы кылганыбыз, демек Анын Сөзү биздин көкүрөгүбүздө жок.

Voafantina amin'izao fotoana izao:

1 Жакан 1: КЫРИ

Asongadina

Hizara

Dika mitovy

None

Tianao hovoatahiry amin'ireo fitaovana ampiasainao rehetra ve ireo nasongadina? Hisoratra na Hiditra