Kisary famantarana ny YouVersion
Kisary fikarohana

2 Петир 1

1
Саламдашуу
1Биз сыяктуу эле Кудайыбыз менен Куткаруучу Ыйса Машаяктын адилдиги аркылуу кымбат баалуу ишенимге ээ болгондорго Ыйса Машаяктын кулу жана элчиси Ысман Петирден дубай салам.
2Кудайды жана Эгебиз Ыйсаны таанып-билгениңер аркылуу ырайым төгүлүп, дайыма тынччылык болсун.
Кудай адамдарына ылайык өмүр сүрүү
3Кудуреттүү Кудай биздин такыбаа жашоого зарыл болгон муктаждыктарыбыздын баарын Өзүнүн улуулугу жана жакшылыгы менен бөлүшүүгө чакырган Машаякты таанышыбыз аркылуу камсыз кылды. 4Кудай Өзү убада кылган абдан чоң жана асыл белектерин ушундайча берип, ошол белектерди колдонуу менен Кудайдын табиятын бөлүшүп, бул дүйнөдөгү ойрондоочу кумарлардан качып кутулууңарды мүмкүн кылды. 5Ушул себептен улам силер бул мүмкүнчүлүккө бүт күч-аракетиңерди жумшап, ишенимиңерге жакшы иштер, жакшы иштерге Кудайдын эркин билүү, 6Кудайдын эркин билүүгө токтоолук, токтоолукка чыдамкайлык, чыдамкайлыкка такыбаалык, 7такыбаалыкка боордоштук мээрим, боордоштук мээримге сүйүү кошулсун. 8Эгерде ушул касиеттер силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда Эгебиз Ыйса Машаякты таанып-билүү жашооңорду пайдалуу жана маңыздуу кылат. 9Ал эми кимде мындай касиеттер жок болсо, анда ал көзү көрбөгөн сокур сыяктуу мурдагы күнөөлөрүнүн кечирилгенин көңүлүнөн чыгарып жиберген. 10Андыктан, боордошторум, силерди Кудай тандап алып, Өз эли болууга чакырганына болгон ынанымыңар тереңдей берсин. Ошондо ак жолдон такыр тайбайсыңар. 11Анткени силерге Эгебиз жана Куткаруучубуз – Ыйса Машаяктын түбөлүк Падышачылыгына ушундайча жол ачылат.
12Мына ошол себептүү силер чындыкты билип, анда бекем турсаңар да, мен ушул нерселерди силерге ар дайым эскертип турууну токтотпойм. 13Көзүм тирүүсүндө силердин эсиңерге ушуларды улам-улам салып турууну туура деп ойлойм. 14Жакында мен көзүм өтөрүн билем. Муну мага Эгебиз Ыйса Машаяк да айкын кылды. 15Андыктан көзүм өтүп кеткенде да ушуларды ар дайым эскерип турууңар үчүн колуман келишинче аракет кылам.
Машаяктын улуулугу туурасында
16Биз силерге Эгебиз Ыйса Машаяктын күч-кудурет менен келүүсүн адамдар ойлоп чыгарган жомокторго таянып эмес, Анын улуулугун өз көзүбүз менен көрүп айтып бергенбиз. 17Баарынан улуу Кудай Ата: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Буга ыраазымын!»#1:17 Матай 17:1 – 5; Марк 9:2 – 7; Лука 9:28 – 35. деп үн катканда, Ал Кудай Атанын салтанаттуу даңкына бөлөнгөн. 18Биз мына ушул көктөн чыккан үндү Аны менен бирге касиеттүү тоодо турганыбызда өз кулагыбыз менен укканбыз.
19Анын үстүнө биз Ыйык Жазуулардагы пайгамбардык сөзгө терең ишенебиз. Күндүн нуру төгүлүп, дилиңерде Таң Жылдызы чыккыча караңгыда жаркырап нурун чачкан чыракка кайрылгандай ошол сөзгө кайрылып жатканыңар жакшы. 20Баарынан да биздин эч кимибиз Ыйык Жазуулардагы пайгамбарчылыктарды өзүбүзчө түшүндүрүп бере албай тургандыгыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. 21Себеп дегенде, пайгамбарчылыктар эч качан пенденин каалоосу менен айтылган эмес, тескерисинче, аларды Кудайдын адамдары Ыйык Рухтун жетегинде айтышкан.

Voafantina amin'izao fotoana izao:

2 Петир 1: КЫРИ

Asongadina

Hizara

Dika mitovy

None

Tianao hovoatahiry amin'ireo fitaovana ampiasainao rehetra ve ireo nasongadina? Hisoratra na Hiditra