Kisary famantarana ny YouVersion
Kisary fikarohana

1 Жакан 2

2
Ыйса Машаяк биздин коргоочубуз
1Балдарым, мен муну силерди күнөө кылбасын деп жазып олтурам. А эгер ким бирөөңөр күнөө кылып койсоңор, анда Кудай Атабыздын алдында коргоочубуз бар. Ал – адил Ыйса Машаяк. 2Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн Өзүн курмандыкка чалды. Биздин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүнүн кунун төлөдү.
Кудайдын осуяттарын сактап жашайлы
3Ыйсаны тааныганыбызды Анын осуяттарын сактаганыбыздан билебиз. 4Ыйсаны тааныйм деп, бирок осуяттарын сактабаган адам жалганчы жана анын жан дүйнөсүндө акыйкат жок. 5Эгер кимде-ким Ыйсанын сөзүн сактап жашаса, анда акыйкатта Кудайдын сүйүүсү анын жан дүйнөсүндө баралына жеткен. Өзүбүздүн Ыйса менен экенибизди биз ушундан билебиз. 6Ыйса менен тыгыз мамиледемин деген ар адам ошондой өмүр сүрүшү керек. 7Сүйүктүүлөрүм, мен силерге жаңы эмес, тээ башынан эле өзүңөр билген эски осуятты жазып жатам. Бул эски осуят силер мурда эле уккан сөз. 8Ошондой болсо да мен силерге кайрадан жаңы осуятты жазып отурам. Ошол жаңы осуяттын акыйкаттуулугу Ыйсада да, бизде да көрүнүүдө, себеби азыр караңгылык тарап, чыныгы жарык нурун төгө баштады. 9«Мен жарыкта жашап жатам» деп, бирок өз боордошун жек көргөн адам дале караңгылыкта. 10Өз боордошун сүйгөн адам жарыкта жана андай адамдын ичинде азгырык жашабайт. 11Ал эми өз боордошун жек көргөн адам караңгылыкта жашап, караңгылыктын ичинде жүрөт. Ал өзүнүн кайда баратканын билбейт, анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып салган.
12Балдарым, жазам силерге,
Анткени бүт күнөөңөр
Ыйсанын урматына
Кечирилди бир жолу.
13Аталар, жазам силерге,
Анткени тээ башынан
Болуп турган Кудайды
Эми таанып калдыңар.
Жаштар, жазам силерге,
Анткени силер мына эми
Азгыруучуну жеңдиңер.
14Балдар, жаздым силерге,
Анткени Кудай Атаны
Силер билип калдыңар.
Аталар, жаздым силерге,
Анткени тээ башынан
Болуп турган Кудайды
Силер таанып калдыңар.
Жаштар, жаздым силерге,
Анткени күчкө толдуңар,
Эми сөзү Кудайдын
Жашап жан дүйнөңөрдө,
Азгыруучуну жеңдиңер.
Бул күнөөкөр дүйнөнү сүйбөйлү
15Бул дүйнөнү жана андагы эч нерсени сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, анда анын ичинде Кудай Атабыздын сүйүүсү жашабайт. 16Себеп дегенде бул дүйнөдөгүнүн баары – адам баласынын дене кумары, көзүнүн кызыкканы жана оокат-ашы, иши менен мактанып, көпкөндүгү Кудай Атабыздан эмес, ушул дүйнөдөн. 17Бул дүйнө да, анын лаззаттары да өтүп кетет. Ал эми Кудайдын каалоосун аткарып жашаган адам түбөлүккө өмүр сүрөт.
Машаяктын душманы
18Балдар, акыр заман келип калды. Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, азыр ошолор көбөйүп кетти. Акыр замандын келгенин ушундан билебиз. 19Алар биздин эле арабыздан чыгышты, бирок эч качан биз тарапта болушкан эмес. Анткени биз тарапта болушкан болсо, анда биз менен калышмак. Алардын бизден чыгып кеткенинен улам баары эле биздикилерден эмес экендиги белгилүү болуп калды.
20Силер Ыйык Рух менен майлангансыңар, андыктан акыйкатты баарыңар билесиңер. 21Силер акыйкатты билбейсиңер деп бул катты жазып жаткан жерим жок, анткени силер акыйкатты да, ар кандай жалгандын ал тарабынан келбесин да билесиңер. 22Ыйсанын Куткаруучу Машаяк экенин четке каккан адам жалганчы эмей ким болмок эле? Кудай Атабызды да, Анын Уулун да танган ал Машаякка душман болгондун дал өзү. 23Кимде ким Кудайдын Уулун четке какса, Кудай Атаны да четке кагат. Кимде ким Кудайдын Уулун кабыл алса, Кудай Атаны да кабыл алат.
24Силер эң башында уккан сөздү сактап жашагыла. Эгер ошол сөз көкүрөгүңөрдө бар болсо, анда Кудай Уулу менен Кудай Атанын кучагында болосуңар. 25Ал эми бизге түбөлүк өмүрдү берем деп Машаяк Өзү убада кылган. 26Мен муну силерди ак жолдон адаштыргандардан сак болушуңар үчүн жаздым. 27Кудай силерди Ыйык Руху менен майлаган, ошол майлануу жан дүйнөңөрдө жашап жатат жана башка бирөөнүн окутканына муктаж эмессиңер. Кудайдын Ыйык Рух менен майлоосу силерге баарын үйрөтөт, Анын окутуусу жалган эмес, чындык. Ошондуктан Ыйса силерди мурда окуткандай, Аны менен тыгыз байланышта жашагыла. 28Эми, балдар, Ыйса кайра көрүнгөндө, Анын алдында уят болбой, жүзүбүз жарык болсун. Ал үчүн дайыма Ыйса менен тыгыз байланышта жашагыла. 29Машаяктын адил экенин билсеңер, анда адил жашаган ар адамдын атасы Кудай болот.

Voafantina amin'izao fotoana izao:

1 Жакан 2: КЫРИ

Asongadina

Hizara

Dika mitovy

None

Tianao hovoatahiry amin'ireo fitaovana ampiasainao rehetra ve ireo nasongadina? Hisoratra na Hiditra