YouVersion Logo
Search Icon

Матай 2:1-2

Матай 2:1-2 КЫРИ

Ыйса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бейт-Лехем деген шаарында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар: «Иудейлердин жаңы төрөлгөн падышасы кайда болду экен? – деп адамдардан сурамжылашты. – Биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик».