YouVersion Logo
Search Icon

Матай 18

18
Кимдин жолу улуу?
1Ошол убакта Ыйсага шакирттери келип:
– Асман Падышачылыгында кимдин жолу улуу болот болду экен? – деп сурашты.
2Ыйса бир кичине баланы чакырып алды да, шакирттеринин ортосуна тургузуп туруп, мындай деди:
3Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жан дүйнөңөрдү жаш балдардыкындай кылып өзгөртпөсөңөр, Асман Падышачылыгына кире албайсыңар. 4Ким өзүн ушул наристе баладай момун тутса, Асман Падышачылыгындагы улуу – ошол. 5Ким Мен үчүн ушундай баланы кабыл алса, Мени кабыл алганы.
Азгырыктар
6Кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңиздин эң терең жерине ыргытылганы оң болмок. 7Азгырыктардын көптүгүнөн бул дүйнөдөгүлөрдүн шору куруйт. Күнөөгө батырган азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору. 8Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө азгырып жатса, анда аны кыя чап да, өзүңдөн алыс ыргытып жибер. Колу-бутуң соо бойдон тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, колу-бутсуз бейишке чыкканың жакшы! 9Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң соо тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.
Жоголгон кой тууралуу ибарат
10Сак болгула, мына бул карапайым адамдардын бирин да капарыңарга албай койбогула, силерге айтып коёюн: булардын периштелери Менин асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.#18:10 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
12Кандай деп ойлойсуңар: эгер жүз кою бар адамдын бир кою жоголуп кетсе, токсон тогузун тоого таштап, адашканын издебей жатып алабы? 13Эгер таап алса, анда, силерге бир чындыкты айтып коёюн, токсон тогуз адашпаган койлоруна караганда, таап алган алиги кою үчүн көбүрөөк кубанат. 14Ошонун сыңарындай, асмандагы Атаңар Мага ишенген мына бул карапайым адамдардын биринин да жоголуп кетишин каалабайт.
Күнөө кылган боордоштор тууралуу
15Эгер боордошуң сага жамандык кылса, анда бар да, жекече сүйлөшүп, күнөөсүн бетине айт. Эгер сөзүңдү укса, анда аны менен кайрадан ынтымакка келгениң. 16Укпай койсо, анда «ар кандай иш эки-үч күбө тарабынан ырасталышы үчүн»#18:16 Мыйз. 19:15. өзүң менен дагы бир же эки кишини ээрчите бар. 17Аларды да укпай койсо, анда жыйынга айт. Эгерде жыйынды да укпай койсо, анда ал сен үчүн Кудайды тааныбаган адам же салыкчы катары эсептелсин.
18Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жер бетинде эмнеге тыюу салсаңар, ал асманда да тыюу салынган нерсе болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат берсеңер, ал асманда да уруксат кылынган нерсе болушу керек. 19Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде жерде экөөңөр макулдашып алып, бир нерсени сурасаңар, асмандагы Атам силер үчүн ошону кылып берет. 20Анткени Менин урматыма чогулган эки-үч адамдын арасында Мен өзүм болом.
Ырайымсыз кызматчы
21Ошондо Петир Ыйсага келип:
– Устат, менин боордошум мага жамандык кылса, канча жолу кечиришим керек? Жети жолу кечирсем жетеби? – деди.
22Ыйса ага айтты:
– Жети жолу дебейм, бирок жетиден жетимиш жолу дейм. 23Мындай дегенимдин себеби – Асман Падышачылыгы өз кызматчылары менен эсептешкиси келген падышага окшош. 24Адегенде ал падышага ат башындай күмүш карызы бар адамды алып келишет. 25Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен падыша аны аялы жана бала-чакасы менен кошо, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын сатып, карыздын эсебине берүүгө буйрук чыгарат. 26Ал киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», – деп жалынат. 27Ошондо падышанын боору ооруп, кызматчыны бошотуп, бардык карызын кечип коёт. 28Ал азаттыкка чыгып, өзүнө жүз күмүш теңге#18:28 Бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысына барабар болгон. карыздар болгон бир кызматташ жолдошуна келет да: «бардык карызыңды төлө!» – деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет. 29Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», – деп суранат. 30Тиги көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп аны зынданга салат. 31Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, падышага болгон ишти төкпөй-чачпай айтып беришет. 32Ошондо падыша баягы кишини өзүнө чакырып алып, мындай дейт: «Эй, адепсиз кызматчы! Сен суранганыңдан карызыңдын баарын мен кечип койгон элем. 33Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?» 34Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче, эркиндикке чыкпайсың!» – деп, аны желдеттердин колуна салып берет.
35Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат.

Currently Selected:

Матай 18: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in