YouVersion Logo
Search Icon

Жунус 2

2
Жунустун азап тарткандагы ыры
1Ошол убакта Жараткан Эге зор балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ошол балыктын курсагында үч күн, үч түн болду. 2Ал зор балыктын курсагында өз Кудай Эгесине сыйынып, 3мындай деди:
– Жатканда азап тартып,
Жалындым бир Эгеме
Кудайга үнүм жетип,
Алындым көңүлүнө.
Маркумдар мекенинен –
Түпкүрдүн тереңинен
Жалбарсам жардам сурап,
Жооп бердиң мага, Эгем.
4Чөктүрдүң терең жерге
Деңиздин эң түбүнө.
Ойт бербей басып калды,
Оолуккан толкундарың,
5Ошондо мындай дедим:
Куулсам да көз алдыңдан,
Көрөмүн ыйык жайды –
Ийбадатканаңды кайрадан.
6Суулардан башым чыгып,
Камгактай калкып калдым.
Көзүмө көрүндү го
Арбактай өз ажалым.
Башыма бүт оролду,
Балыры зор деңиздин.
7Суу асты тоолордун
Түбүнө чөгүп калдым.
Түбөлүк ошол жерден
Чыкпастай болуп калдым.
Бирок Сен, Эгем, Кудайым
Тунгуюктан сууруп алдың.
8Чырагым өчөрүндө,
Кайран жан үзүлөрдө,
Эгемди эстегенде,
Сыйынуум жетти Сага –
Ыйык ийбадатканаңа.
9Эч нерсеге арзыбаган
Буркандарга табынгандар.
Өзүңдөн баш тартышты –
Ишеничтүү Кудайынан.
10Мен болсо мактоолорду
Курмандыкка бере берем.
Убадамды аткарам,
Куткарылуу Эгеден.
11Ошондо Жараткан Эге зор балыкка буйрук кылып, балык Жунусту жээкке кусуп таштады.

Currently Selected:

Жунус 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy