Мордохай бул окуяларды жазып алып, Ахашверош падышанын алыскы жана жакынкы дубандарында жашаган бардык иудаларга кат жөнөттү. Ал катта мындай деди: «Жыл сайын адар айынын он төртүнчү жана он бешинчи күндөрү майрам күндөрү болсун. Анткени ушул күндөрү иудалар душмандарынан кутулушту. Ушул айда алардын зар-муңу тойго, кайгысы кубанычка айланды. Ушул күндөрү салтанат менен той өткөрүп, бири-бириңерге даам тартуу кылып, жардыларга кайыр бергиле».