1
Матай 17:20
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ишенимиңердин аздыгынан, – деп жооп берди Ыйса аларга. – Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» – десеңер, которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт.
對照
Матай 17:20 探索
2
Матай 17:5
Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булут аларга көлөкөсүн түшүрүп, ошол булуттан үн чыкты: – Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса. Мен Ага ыраазы болдум. Аны уккула!
Матай 17:5 探索
3
Матай 17:17-18
Ошондо Ыйса: – Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! – деди. Баланы алып келишкенде, Ыйса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Ошол замат ал айыгып кетти.
Матай 17:17-18 探索
主頁
聖經
計劃
影片