1
Жакан 4:24
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Кудай Өзү – Рух. Ошондуктан Ага табынгандар Рухтун жетегинде, акыйкатты таанып табынуулары керек.
對照
Жакан 4:24 探索
2
Жакан 4:23
Чыныгы табынуучулар Атабызга Рухтун жетегинде, акыйкатты таанып табына турган убакыт келет. Ал тургай келип да калды. Атабыз ушундай табынуучуларды каалайт.
Жакан 4:23 探索
3
Жакан 4:14
Ал эми кимде-ким Мен берген суудан ичсе, ал түбөлүк суусабас болот. Мен берчү суу анын ичинде түбөлүк өмүр тартуулоочу кайнар булакка айланат.
Жакан 4:14 探索
4
Жакан 4:10
Эгер Кудайдын сага эмне бергиси келгенин жана суу сураган адамдын ким экенин билсең, анда сен Анын Өзүнөн сурар элең, ошондо Ал сага өмүр суусун бермек, – деди Ыйса ага.
Жакан 4:10 探索
5
Жакан 4:34
Менин тамагым, – деди Ыйса, – Мени Жибергендин каалоосун ишке ашырып, Анын тапшырганын толук орундоо.
Жакан 4:34 探索
6
Жакан 4:11
Мырза, – деди аял, – суу сузар идишиңиз жок экен, кудук болсо терең, анан ошол өмүр суусун кайдан аласыз?
Жакан 4:11 探索
7
Жакан 4:25-26
Буга аял: – Машаяк келерин билем. Ал келгенде бизге баарын айтып берет, – деди. – Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың, – деп жооп кайтарды Ыйса.
Жакан 4:25-26 探索
8
Жакан 4:28-29
Аял кумарасын коё калып, шаарга кетти да: – Жүргүлө, менин кылган иштеримдин баарын так айтып берген кишини көргүлө! Машаяк ошол болуп жүрбөсүн? – деп элге айта баштады.
Жакан 4:28-29 探索
主頁
聖經
計劃
影片