Элчилер 9
9
Шабылдын ишенимге келиши
1Шабыл Эгебиздин шакирттерин өлтүрөм, житирем деп коркутуп-үркүтүп, башкы динкызматчынын алдына барды. 2Андан Ыйсанын жолуна түшкөндөрдү аял-эркегине карабай байлап, Иерусалимге алып келүүгө жиберилди деген, Дамаск шаарындагы синагогалардын жетекчилерине арналган тил кат жаздырып алды. 3Ошентип, Шабыл Дамаск шаарына жакындап калганда, капыстан асмандан бир нур төгүлүп, айланасын жарык кылып жиберди. 4Шабыл жерге жыгылды да, өзүнө кайрылган үндү укту.
– Шабыл, Шабыл! – деди ошол үн. – Эмнеге Мени куугунтуктап жүрөсүң?!
5Шабыл Ага:
– Оо, Кудурет, сиз кимсиз? – деди.
Ошондо Эгебиз мындай деди:
– Мен сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын. 6Тур да, шаарга кир. Эмне кыла тургандыгыңды сага айтып беришет.
7Аны менен бара жаткан кишилер аң-таң болушуп, үн-сөзсүз туруп калышты. Алар үндү угушкан менен айланадан эч кимди байкашкан жок. 8Шабыл өйдө болуп, көзүн ачканда, эч нерсени көрө албады. Ошондуктан жанындагы адамдар аны колунан жетелешип, Дамаскка алып келишти. 9Шабыл үч күн бою эч нерсе көрө да, жей да албады.
10Дамаскта Ыйсанын Анания аттуу шакирти жашачу. Эгебиз ага аян берип, ошондо аны:
– Анания! – деп атынан чакырды.
Ал:
– Угуп жатам, Эгем! – деди.
11Эгебиз ага мындай деди:
– Ордуңан туруп, Түз аттуу көчөгө бар да, Жүйүттүн үйүнө кирип, тарстык Шабылды сура. Ал азыр сыйынып жатат. 12Мен ага Анания аттуу бирөөнүн келип, көзү көрүп калсын үчүн колун койгонун көргөзүп аян бердим.
13Анания Эгебизге мындай жооп берди:
– Эгем, бул кишинин Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа жасаган жамандыктары тууралуу көп адамдардан уккан элем. 14Эми ал бул жерге келиптир. Колунда «Ыйсага табынгандардын баарын кармап келүүгө укуктуу» деген жогорку динкызматчылардан жаздырып алган кагазы бар экен.
15Бирок Эгебиз ага айтты:
– Баргын! Ал Менин тандаган элчим. Менин атымды элдерге айтып, падышаларга маалым кылып, Ысрайылдын урпактарына жарыялайт. 16Мен үчүн канча азапты башынан өткөрүүгө тийиш экендигин Өзүм ага билдиремин.
17Анания барды да, Жүйүттүн үйүнө кирип, Шабылдын башына колун коюп, мындай деди:
– Боордошум, Шабыл! Көзүң ачылып, Ыйык Рухту кабыл алышың үчүн жолуңан көрүнгөн Эгебиз Ыйса мени сага жиберди.
18Ошол замат Шабылдын көзүн каптаган кабырчык сыяктуу нерсе жок болуп, ал кайрадан көрүп калды. Ал ордунан туруп, чөмүлдүрүү расмисинен өттү. 19Анан тамак жеп, кубаттанды. Ушундан соң, Шабыл Ыйсанын шакирттери менен бир нече күн Дамаскта болду. 20Ошол жердеги синагогаларга барып, Ыйсанын Кудай Уулу экендигин айта баштады. 21Уккандар таң калышып:
– Бул киши Ыйсага ишенгендерди Иерусалимде куугунтуктап, мында да аларды кармап, жогорку динкызматчыларга алып баруу максаты менен келбеди беле? – деп жатышты.
22Шабыл болсо уламдан-улам күчүнө келип, Дамаскта жашаган иудейлерге Ыйсанын Машаяк экендигин далилдеп, алардын айласын кетирди.
23Бир топ убакыт өткөндө, иудейлер аны өлтүрүүнү чечишти. 24Бирок Шабылга алардын мындай ниети билинип калды. Иудейлер аны өлтүрүү үчүн күнү-түнү шаар дарбазасынын айланасынан кетпей, аңдып жүрүштү. 25Шакирттер болсо Шабылды себетке салып, түн ичинде шаардын сепилинен сыртка түшүрүп коюшту.
26Шабыл Иерусалимге келип, шакирттердин катарына кошулгусу келди. Бирок алар Шабыл да Ыйсанын шакирти болуп калганына ишенишпей, андан коркушту. 27Ошондо Барнап Шабылды элчилердин алдына ээрчитип келди да, анын Дамаскка бараткан жолдо Ыйсаны кандайча көргөнүн, Анын ага айткан сөздөрүн жана Шабыл Ал жөнүндө коркпостон жар салганын айтып берди.
28Шабыл алар менен бирге бүткүл Иерусалимде Эгебиз Ыйсанын атын тайманбастан ачык жарыялап жүрдү. 29Ал тургай, грек тилинде сүйлөгөндөр менен да Ыйса жөнүндө талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүнүн амалын издешти. 30Бул тууралуу Ыйсанын үмөттөрү билип калып, аны Кесарияга алып барып, Тарска жөнөтүп жиберишти.
31Ошентип, бүткүл Иудея, Галилея жана Самария аймактарындагы ишенүүчүлөрдүн жыйындары тынчтыкта жана Эгебизди урматтоо менен жашап, өсүп-өнүп жатышты. Ыйык Рух колдоп, катарлары көбөйдү.
Айнейдин айыгышы
32Өлкөнүн чар тарабын кыдырып жүргөн Петир Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди. 33Ал жерге келгенде, сегиз жылдан бери төшөктөн тура албай шал болуп ооруп жаткан Айней аттуу бир кишиге жолукту. 34Петир ага кайрылып, мындай деди:
– Айней, сени Ыйса Машаяк айыктырып жатат. Өйдө тур да, төшөнчүңдү жыйна!
Айней болсо ошол замат ордунан туруп кетти. 35Муну Лидда менен Шарон шаарларында жашагандардын баары көрүшүп, Эгебизге дитин бурушту.
Табитанын тирилиши
36Жаффа шаарында Ыйсанын шакирти – Табита аттуу аял жашачу. Анын аты грекче – Дорка (мааниси: элик) эле. Ал жакшылык кылгандан талбаган, кедейлерге колу ачык адам эле. 37Ошол күндөрү ал катуу ооруп, каза болуп калды. Анын сөөгүн жууп, кепиндеп, үстүнкү кабаттагы бөлмөгө коюп коюшту. 38Лидда шаары Жаффага жакын жайгашкандыктан, шакирттер Петирдин Лиддада экенин угуп, ага: «Бизге тезирээк келиңиз», – деген өтүнүч менен эки киши жиберишти. 39Петир дароо эле алар менен бирге Лиддага жөнөдү. Келери менен аны сөөк жаткан бөлмөгө алып барышты. Бөлмөгө киргенде, жесир аялдар курчап алышып, Дорка көзү тирүүсүндө тигип берген кийим-кечектерин ага көргөзүшүп, боздоп ыйлашты. 40Петир баарын сыртка чыгарып, өзү болсо тизелеп, Кудайга сыйынды. Анан өлүккө кайрылып:
– Табита, тургун! – деди.
Аял көзүн ачып, Петирди көрдү да, өйдө болду. 41Петир колунан кармап, бутуна турганга жардамдашты. Анан ыйыктар менен жесирлерди чакырып, тирилип кеткен Табитаны көргөздү. 42Бул иш бүткүл Жаффага белгилүү болуп, көптөгөн адамдар Эгебизге ишеништи. 43Петир бир нече күн Ысман аттуу тери ийлегичтин үйүндө жашап, Жаффада туруп калды.
Àwon tá yàn lọ́wọ́lọ́wọ́ báyìí:
Элчилер 9: КЫРИ
Ìsàmì-sí
Pín
Daako

Ṣé o fẹ́ fi àwọn ohun pàtàkì pamọ́ sórí gbogbo àwọn ẹ̀rọ rẹ? Wọlé pẹ̀lú àkántì tuntun tàbí wọlé pẹ̀lú àkántì tí tẹ́lẹ̀
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: