Элчилер 5
5
Ыйык Рухка калп айтуунун жазасы
1Ошол жерде Анания аттуу бир киши бар эле. Ал аялы Сабира экөө жерин сатып, 2түшкөн акчанын бир бөлүгүн аялынын макулдугу менен жашырып коюп, калганын элчилердин алдына алып келди. 3Петир ага айтты:
– Эй, Анания! Эмне үчүн ниетиңди шайтанга бийлетип, Ыйык Рухка калп айттың? Эмне үчүн жерден түшкөн акчадан кытып алдың? 4Жер да, саткандан кийинки түшкөн акча да сеники эмес беле? Эмне үчүн минтип, ниетиңди буздуң? Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың!
5Анания бул сөздөрдү угар замат жерге кулап, жан берди. Бул окуяны көрүп билгендерди катуу коркунуч басты. 6Бир нече жигит ордунан туруп, аны кепиндешти да, тышка алып чыгып, көмүп салышты. 7Мындан үч сааттай өткөндө, болгон окуядан бейкапар Ананиянын аялы келип калды. 8Петир андан:
– Айтчы, жерди ушунча акчага саттыңар беле? – деп сурады.
Аял:
– Ооба, ушунча акчага, – деп жооп берди.
9Ошондо Петир ага айтты:
– Силер кантип Эгебиздин Рухун сыноого батындыңар? Тигине, эриңди көмгөндөр эшиктен кирип келе жатышат. Эми сени да алып кетишет.
10Ошол замат аял Петирдин алдына кулап түштү да, жан берди. Алиги кирип келген жигиттер анын өлгөнүн көрүштү да, тышка алып чыгышып, күйөөсүнүн жанына көмүштү. 11Бүтүндөй жыйынды жана муну уккандардын баарын Кудайдын улуу коркунучу басты.
Элчилердин кызматы
12Эл арасында элчилер тарабынан көп кереметтер менен укмуштар жасалып жатты. Ишенгендер ийбадатканадагы Сулаймандын бастырмасында дайыма чогулуп турушту. 13Элдин баары аларга ыраазы болуп сүйлөп жатышса да, арасынан эч кимиси алардын катарына кошулууга батынбады. 14Эгебизге ишенгендердин саны болсо улам өсө берди. Алардын арасында көптөгөн эркектер жана аялдар бар эле. 15Элчилердин иштеринен улам, эл кур дегенде өтүп бара жаткан Петирдин көлөкөсү оорулуулардын кээ бирине болсо да тийсин деп, аларды төшөгү менен сыртка алып чыгып жатышты. 16Көптөгөн адамдар Иерусалимге шаардын чет жакасынан келип турду. Алар оорулууларын, кара күчтөргө байлангандарын көтөрүп келишти. Баары оорусунан айыгып жатышты.
Элчилердин куугунтукка алынышы
17Ал эми башкы динкызматчы менен садукей тобуна кирген адамдар муну көрө албай ызырынышты. 18Алар элчилерди кармап, абакка камашты. 19Бирок түндө Эгебиздин периштеси келип, эшиктерди ачып жиберди да, аларды сыртка алып чыгып, мындай деди:
– 20Ийбадатканага баргыла да, бул чыныгы өмүрдүн сөздөрүн элге төкпөй-чачпай айтып бергиле!
21Периштени угуп, элчилер таң эрте ийбадаткананын короосуна кирип, таалим беришти. Ошол арада башкы динкызматчы менен анын шериктери келишип, эл башчыларынын баарын жогорку кеңешке чакырышты. Элчилерди түрмөдөн алдыруу үчүн киши жөнөтүштү. 22Бирок кызматкерлер барып, түрмөдөн аларды таппай, кайтып келишти.
– 23Биз түрмөнүн эшиктери бекем жабылып, дарбазаларынын жанында сакчылар турганын көрдүк. Бирок ачып караганыбызда, ичинен эч кимди таппадык, – дешти алар.
24Жогорку динкызматчылар жана ийбадаткананын кароол башчысы муну угушканда, таң калышып, түшүнө албай баштары катты. 25Ошол кезде бир киши келип:
– Силер түрмөгө олтургузган адамдар ийбадаткананын короосунда элге таалим берип жатышат, – деп кабарлады.
26Ошондо кароол башчысы кызматкерлери менен бирге барып, элчилерди алып келди. Бирок эл таш бараңга алып жибербесин деп коркушкан алар элчилерге кол көтөрө алышкан жок. 27Аларды жогорку кеңештин алдына чыгарышты. Ошондо башкы динкызматчы аларга мындай собол узатты:
– 28Силерге жанагы адамдын атынан элди окутпагыла деп эскертпедик беле? Силер болсо бул окууңарды бүт Иерусалимге жайып жибердиңер да, бизди анын канына забын кылганы турасыңар.
29Петир менен анын жанындагы элчилер мындай жооп беришти:
– Адамдардан көрө, Кудайга баш ийиш керек. 30Биздин ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны кайра тирилтти. 31Ысрайыл эли ниетин өзгөртүп, күнөөлөрү кечирилсин деп, кудуреттүү Кудай Аны Башчы жана Куткаруучу кылды. 32Буга биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө.
Дин мугалими Гамалиелдин сөзү
33Муну укканда, тигилер катуу жаалданып, аларды өлтүргүлөрү келди.
34Жогорку кеңештин ичинде фарисейлер тобуна кирген, эл сыйлаган
аттуу дин мугалими бар эле. Ал ордунан турду да, элчилерди бир аз убакытка сыртка алып чыгууну буйруду. Аларды алып чыгып кетишкен соң, мындай деди:
– 35Урматтуу агайын-туугандар! Бул адамдарга чара көрүүдөн мурда жакшылап ойлонгула. 36Анткени жакында эле Теда деген бир киши өзүн кайсы бир улуу инсанмын деп чыккан болчу. Ага төрт жүздөй киши кошулду. Бирок ал өлтүрүлдү эле, аны ээрчигендердин баары тарап, жок болушту. 37Андан соң, эл каттоо убагында галилеялык Жүйүт чыгып, көп адамдарды ээрчитип кетти. Бирок ал да өлтүрүлгөндөн кийин, аны ээрчигендердин баары тарап кетишти. 38Азыр да силер бул адамдарды өз жайына койгула. Анткени бул иш-аракет адамдан болсо, анда ал бузулат. 39А эгер Кудайдан болсо, анда силер буза албайсыңар! Абайлагыла, Кудай менен касташып жүрбөгүлө.
40Жогорку кеңештин мүчөлөрү анын тилин алышты. Алар элчилерди чакырып алып сабатып, Ыйсанын атын атап сүйлөөгө тыюу салып, коё беришти. 41Элчилер болсо Эгеси Ыйса үчүн ушундай кордук тартууга татыктуу болушканына кубанып, жогорку кеңештен чыгып кетишти. 42Алар күндө ийбадатканада, үйлөрдө адамдарга таалим беришип, Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратууну токтотушпады.
Àwon tá yàn lọ́wọ́lọ́wọ́ báyìí:
Элчилер 5: КЫРИ
Ìsàmì-sí
Pín
Daako

Ṣé o fẹ́ fi àwọn ohun pàtàkì pamọ́ sórí gbogbo àwọn ẹ̀rọ rẹ? Wọlé pẹ̀lú àkántì tuntun tàbí wọlé pẹ̀lú àkántì tí tẹ́lẹ̀
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: