Элчилер 11
11
Петирдин башка улуттагылардын чөмүлгөнү жөнүндө актануусу
1Иудеядагы элчилер менен боордоштор Кудайдын Жакшы Кабарын башка улуттун адамдары да кабыл алганын угушту. 2Петир Иерусалимге кайтып келгенде, Ыйсага ишенген эврейлер ага нааразы болушуп:
– 3Сен сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы адамдарга барып, ошолор менен бирге тамак ичипсиң, – дешти.
4Ошондо Петир аларга болгон окуянын баарын катар-катары менен баяндап, айтып берди.
– 5Мен Жаффа шаарында сыйынып отурган элем, – деди ал. – Эс-учумду жоготуп койгон экем, ушундай абалда бир аян көрдүм. Анда чоң дасторконго окшош бир нерсе төрт бурчунан буулган боюнча асмандан келип, алдыма түштү. 6Ичин караганымда, төрт аяктуулар, сойлоочулар жана жапайы канаттуулар бар экен. 7Анан: «Петир, тур да, союп же!» – деген добушту уктум. 8А мен ага: «Жок, Эгем, мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин» – дедим. 9Жанагы үн дагы чыгып: «Кудай адалдаганды арам дебегин!» – деди. 10Бул үч жолу кайталанып, кайра көккө көтөрүлүп кетти. 11Ошол кезде Кесариядан мага жиберилген үч киши келип, дарбазамдын жанында турган экен. 12Ыйык Рух болсо: «Эч ойлонбостон буларга кошулуп, жолго чык!» – деди. Ошентип, бул Жаффадан келген алты боордошум да мени менен бирге барып, ошол Корнелий деген кишинин үйүнө кирдик. 13Ал болсо, үйүндө көзүнө көрүнгөн периштенин эмне дегенин бизге айтып берди. Периште ага: «Жаффага киши жиберип, Ысман Петир деген кишини чакырт! 14Ал сени жана сенин бүт үй-бүлөңдү куткара турган сөздү айтып берет», – дептир. 15Мен сүйлөй баштаганда, Ыйык Рух мурда бизге түшкөндөй алардын үстүнө да түштү. 16Ошондо Эгебиздин мындай деген сөзүн эстедим: «Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн, силер болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр». 17Ошондуктан Кудай Эгебиз Ыйса Машаякка ишенгенибизде бизге берген ырыскысын буларга да ыраа көрсө, анда Кудайга каршы чыккандай мен ким элем.
18Бул сөздү угуп, алар тынчып калышты. Анан:
– Кудай башка улуттардын ниетин өзгөртүп, түбөлүк өмүрдү аларга да берет турбайбы, – деп Кудайды даңкташты.
Антахиядагы жыйын
19Степан өлгөндөн кийин куугунтукка учурап, чачырап кеткен шакирттер Финикияга, Кипр аралына жана Сириядагы Антахия шаарына чейин жетип, Жакшы Кабарды эврейлерге гана айтып жүрүштү.
20Бирок Антахия шаарына келген кээ бир кипрлик жана киринеялык кишилер Эгебиз Ыйса тууралуу кабарды башка улуттун адамдарына да жеткизишти. 21Кудайдын кудурети алар аркылуу иштегендиктен көп адамдар ишенип, Эгебиздин жолуна түшүштү. 22Бул тууралуу кабар Иерусалимдеги жыйынга жетип, алар Антахияга Барнапты жиберишти. 23Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп, абдан кубанды. Эгебизге чын жүрөктөн берилип, аны менен тыгыз байланышта болууну бардык ишенгендерге насааттады. 24Барнап Ыйык Рухка толгон, ишеними күчтүү, жакшы киши эле. Ал Эгебизге көптөгөн кишилерди ишендирди. 25Анан Барнап Шабылды издеп Тарска кетти. 26Аны жолуктуруп, Антахияга ээрчитип келди. Андагы жыйында экөө бир жыл болушуп, көп адамдарга насаат айтып жүрүштү. Ошентип, Антахиядагы шакирттер биринчи жолу «машаякчылар» деген атка конушту.
27Ошол кезде Иерусалимден Антахияга бир нече пайгамбарлар келишти. 28Алардын арасынан Агап дегени ордунан туруп, Ыйык Рух берген аян менен жакын арада бүт жер жүзүндө катуу ачарчылык болорун айтты. Бул ачарчылык кийин, Рим падышасы Клавдийдин тушунда болду. 29Ошондо ишенгендердин ар бири колунан келишинче Иудеядагы Ыйсага ишенген боордошторуна жардам жиберүүнү чечишти. 30Бул чечимди ишке ашырып, белектерин Барнап менен Шабыл аркылуу Иерусалимдеги жыйын жетекчилерине жөнөтүштү.
Àwon tá yàn lọ́wọ́lọ́wọ́ báyìí:
Элчилер 11: КЫРИ
Ìsàmì-sí
Pín
Daako

Ṣé o fẹ́ fi àwọn ohun pàtàkì pamọ́ sórí gbogbo àwọn ẹ̀rọ rẹ? Wọlé pẹ̀lú àkántì tuntun tàbí wọlé pẹ̀lú àkántì tí tẹ́lẹ̀
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018