1
Жакан 12:26
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ким Мага кызмат кылгысы келсе, Мени ээрчисин. Мен кай жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ал эми Мага кызмат кылган ар кимди асмандагы Атабыз урматтайт.
Ṣe Àfiwé
Ṣàwárí Жакан 12:26
2
Жакан 12:25
Ким өз жанын баарынан артык көрсө, ал андан айрылат. Ал эми кимде-ким бул дүйнөдө өз жанын аябаса, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат.
Ṣàwárí Жакан 12:25
3
Жакан 12:24
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгер буудайдын даны жерге эгилип, анан өлбөсө, анда ал жалгыз бойдон калат. Эгер ал жерге эгилип, өнүп, өзү өлсө, ошондо гана мол түшүм берет.
Ṣàwárí Жакан 12:24
4
Жакан 12:46
Мен – Мага ишенген ар ким караңгы түндө калбасын деп, дүйнөгө келген Кудайдын жарыгымын.
Ṣàwárí Жакан 12:46
5
Жакан 12:47
Сөзүмдү угуп, аны карманбаган ар кимди айыптай турган Мен эмесмин. Мен адамзатты айыптоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим.
Ṣàwárí Жакан 12:47
6
Жакан 12:3
Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу майдан жарым литрдей алып, Ыйсанын бутуна куйду да, анан аны чачы менен сыйпады. Үй ичи майдын аңкыган жыпар жытына толуп чыкты.
Ṣàwárí Жакан 12:3
7
Жакан 12:13
Алар колдоруна пальма бутактарын кармап, шаардын сыртына чыгып: «Осанна! Эгебиздин атынан келе жатканды Кудай жалгасын! Ысрайылдын падышасын Кудай жалгасын!» – деген үндөр менен Ыйсаны тосуп алышты.
Ṣàwárí Жакан 12:13
8
Жакан 12:23
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: – Адам Уулунун улуулукка жетер убакыт-сааты келип калды.
Ṣàwárí Жакан 12:23
Ilé
Bíbélì
Àwon ètò
Àwon Fídíò