Элчилер 14
14
Икония шаарында
1Икония шаарында Пабыл менен Барнап адаттагыдай иудей синагогасына барышты да, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн иудейлер менен иудей эместер ишенимге келишти. 2Ал эми Кудай сөзүнө баш ийбеген иудейлер болсо башка улуттагыларды ишенгендерге каршы тукуруп, дүрбөлөңгө салышты. 3Ошондуктан эки элчи көп убакыт бою ошол жерде болуп, Эгебиз тууралуу тайманбай ачык сүйлөшүп, Анын берекелүү сөздөрүн айтышты. Кудай болсо алар аркылуу кереметтүү жышаандарды жана укмуштарды жаратып жатты. 4Шаар эли экиге бөлүнүп, бир тобу иудейлер тарапта болсо, бир тобу элчилер тарапта болушту.
Листра менен Дербе шаарында
5-6Башка улуттун адамдары иудей башчылары менен биригип алышып, элчилерди кордоп, таш бараңга алмакчы болуп жулунганын байкаган элчилер Лукония аймагындагы Листра менен Дербе шаарларына жана алардын айланасындагы жерлерге кетип, 7Жакшы Кабарды ошол жакта таратып жүрүштү.
8Листрада эки буту тең шал болгон бир адам отурчу. Ал тубаса оорулуу болгондуктан, эч качан басып көрбөгөн. 9Бу киши Пабылдын сөзүн угуп олтурган. Пабыл ага тике карады да, анын айыгып кетүүгө жете турган ишенимин көрүп:
– 10Кана, тур өйдө! – деп кыйкырды.
Ошондо ал секирип туруп, басып кетти. 11Пабылдын кылганын көргөн эл лукон тилинде:
– Булар бизге адам кейпинде түшүп келген кудайлар! – деп кыйкыра башташты.
12Алар Барнапты Зевс деп, ал эми дайыма сөздү баштап сүйлөп жүргөндүктөн Пабылды Эрмес аташты.
13Шаардын сыртындагы грек кудайы Зевстин ийбадатканасынын динкызматчысы эл менен бирге аларга курмандык чалмакчы болуп, букалар менен гүлдөрдү шаар дарбазасына алып келди. 14-15Элчилер – Барнап менен Пабыл муну укканда, үстүндөгү кийимдерин тытып жиберишип, элдин арасына чуркап киришти.
– Эл-журт! Эмне кылганы жатасыңар? – дешти алар. – Биз деле силерге окшогон пендебиз. Силерди бул пайдасыз нерселерге табынбай, асман-жерди, деңизди жана алардын ичиндегинин баарын жараткан тирүү Кудайга ишенсин деген Жакшы Кабарды айтып жүрөбүз. 16Өздөрү каалагандай жашаган бардык улуттарды ал мурдагы замандарда тим койду. 17Ошондой болсо да, бизге асмандан жамгырын жаадырып, түшүм мезгилдерин берип, ырыскыбызды үзбөй, көңүлүбүздү куунак кылып, ушул жакшылыктары менен Өзүн күбөлөндүрүп келди.
18Элчилер ушундай деп, аларды өздөрүнө курмандык чалуудан араң токтотушту. 19Ушундан соң, Антахия менен Икониядан келген иудейлер элди өздөрү тарапка тартып алып, Пабылды таш бараңга алышты. Анан өлдү го деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты. 20Бирок айланасына шакирттер чогулганда, Пабыл ордунан турду да, кайра шаарга кирди. Эртеси күнү ал Барнап менен бирге Дербеге кетип калды.
Элчилердин Сириядагы Антахияга кайтып келиши
21Элчилер Дербеде Жакшы Кабарды таратып, көптөгөн адамдарды Ыйсанын шакирттери кылды. Андан соң Листра, Икония жана Антахияга кайтышты. 22Кайда барбасын, ишенгендерди: «Ишенимиңерди сактап жашагыла, Кудай Падышачылыгына далай азаптарды баштан кечирип киребиз», – деп кайраттандырышты. 23Ар бир ишенгендер жыйынына жыйын жетекчилерин дайындашып, орозо кармап сыйынышып, аларды өздөрү ишенип калган Эгебизге тапшырышты. 24Андан кийин эки элчи Писидиядан өтүп, Памфилия аймагына келди.
25Пергеде Кудайдын сөзүн жарыялап, Атталия шаарына түшүштү. 26Атталиядан кемеге отуруп, Антахияга бет алышты. Антахияда алар бул иш үчүн ырайымдуу Кудайдын колуна тапшырылган эле. Алар аны да бүтүрүштү. 27Келишкенде, ишенгендерди жыйнап, Кудай алар аркылуу эмнелерди кылганын жана башка элдерге ишенимдин эшигин кандайча ачып бергенин айтып беришти. 28Андан кийин бир топ убакыт ошол жерде алар менен бирге болушту.
လက္ရွိေရြးခ်ယ္ထားမွု
Элчилер 14: КЫРИ
အေရာင္မွတ္ခ်က္
မၽွေဝရန္
ကူးယူ

မိမိစက္ကိရိယာအားလုံးတြင္ မိမိအေရာင္ခ်ယ္ေသာအရာမ်ားကို သိမ္းဆည္းထားလိုပါသလား။ စာရင္းသြင္းပါ (သို႔) အေကာင့္ဝင္လိုက္ပါ
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: