Элчилер 13
13
Барнап менен Шабылдын атайын кызматы
1Антахия шаарындагы жыйында бир нече пайгамбарлар менен устаттар бар эле. Булар: Барнап, Нигер аталган Шемон, киринеялык Лукий, аким Ирод Антипас менен бирге өскөн Манайын жана Шабыл. 2Алар орозо кармап, Эгебизге ийбадат кылып жүрүшкөндө, Ыйык Рух мындай деди:
– Мен Барнап менен Шабылды атайын бир кызматка чакырып алганмын, ошондуктан аларды Мага бергиле.
3Ошондо алар орозо тутуп, ал экөөнө бата тилеп сыйынышкан соң, Кудайдын кызматы үчүн бөлүп коюшту.
Кипр аралында
4Ыйык Рухтун буйругу боюнча жөнөтүлгөн булар Селекияга барышып, андан ары кеме менен Кипрге кетишти. 5Саламин шаарында болушуп, иудей синагогаларында Кудай сөзүн жар салышты. Жардамчы катарында жанына алышкан Жакан да алар менен бирге жүрдү. 6Алар Кипр аралын баштан аяк аралап өтүшүп, Пафос деген жерге келишкенде, Барыйса деген бир иудейге кезигишти. Ал жалган пайгамбарчылык кылган сыйкырчы болчу. 7Ал Пабыл Сергий аттуу аймак акими менен жүргөн. Аким акылдуу киши болор эле. Ал Кудайдын сөзүн угуу үчүн Шабыл менен Барнапты чакыртып, киши жиберди. 8Бирок жанагы Элим деген сыйкырчы (тигинин аты грекче ушундай) акимдин ишенип калуусун каалабай, аларга тоскоолдук кылды. 9Бирок Ыйык Рухка толуп турган Шабыл (дагы бир аты Пабыл) аны тике карап, мындай деди:
– 10Эй, алдамчылык менен адепсиздикке ичи толгон, бардык адилеттиктин душманы болгон ибилистин баласы! Эгебиздин түз жолун бурмалаганыңды качан коёсуң? 11Азыр Эгебиздин кудуретин көрөсүң, көзүң көпкө көрбөй кашайып кал!
Күтүлбөгөн жерден Элимдин көзү чындап эле байланып, карайлап калды да жетелей турган адам издей баштады. 12Ошондо бул окуяны көргөн аймак акими Эгебиз жөнүндөгү таалимге таң калып, Ага ишенди.
Писидия аймагындагы Антахияда
13Пабыл менен анын жанындагылар Пафостон кеме менен чыгышып, Памфилиянын Перге деген шаарына келишти. Ошол жерден Жакан алардан бөлүнүп, кайра Иерусалимге кайтты. 14Пабыл менен Барнап болсо Пергени аралап өтүшүп, Писидия аймагындагы Антахияга келишти. Анан дем алыш күнү синагогага киришти. 15Тоорат менен пайгамбарлар жазмасы окулуп бүткөн соң, синагога башчылары Пабыл менен Барнапка киши жиберишип, мындай дешти:
– Боордоштор, элге айта турган насыят сөзүңөр болсо, айткыла.
16Пабыл ордунан туруп, колу менен ишарат кылып, элди тынчтыкка чакырды да, сүйлөй баштады:
– Урматтуу агайындар! Урматтуу башка улуттук боордоштор! Кулак салып, угуп алыңыздар. 17Ушул Ысрайыл элинин Кудайы биздин ата-бабаларыбызды Өзүнө тандап алып, Мисир жеринде келгин катары жашап жаткан кезинде аларга жөлөк болуп, өркүндөтүп өстүрдү. Өзүнүн кудуреттүү колу менен Мисирден алып чыкты. 18Андан кийин, кырк жылга жакын чөлдө сынады. 19Ошондон кийин Канаан жериндеги жети элди кыйратып, алардын жерин ысрайылдарга мурас кылып берди. 20Ушулардын баары төрт жүз элүү жылга созулду. Андан соң, Кудай аларга Шамил пайгамбардын убагына чейин бийлерди берип, алар элди башкарды. 21Андан кийин, алар падыша сурашканда, Кудай Бенжамин уруусундагы Киштин уулу Шабылды берди. Ал кырк жыл аларга падышачылык кылды. 22Анан: «Менин көңүлүмө жаккан адамды таптым. Ал – Жесейдин уулу Дөөт. Ал Менин каалаганымдын баарын аткарат»,#13:22 1 Шамил китеби 13:14; Забур 88:21. – деп, Шабылды тактан алып, Дөөттү шайлады. 23Кудай Өзүнүн убадасы боюнча мына ушул кишинин тукумунан Ысрайылдын Куткаруучусу Ыйсаны чыгарды. 24Анын келер алдында Жакыя бүт Ысрайыл элин ниетин өзгөртүп, сууга чөмүлүү расмисинен өтүүгө чакырып, жар салды. 25Ал өз вазийпасын аткарып бүткөндө, элге: «Силердин оюңар боюнча мен киммин? Мен силер ойлоп жатканыңар эмесмин. Менден кийин келе жатканга көңүл бургула, мен анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын», – деди.
26Агайын-туугандар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдан корккон пенделер! Бул куткаруучу сөз бизге айтылган болчу. 27Иерусалимдиктер менен алардын башкаруучулары муну түшүнүшпөй, Ыйсаны соттошуп, ар дем алышта окулуучу пайгамбарлар китебинде жазылганды жүзөгө ашырышты. 28Алар өлүмгө татыктуу бир да себеп табышпаганына карабай, Пилаттан Аны өлтүрүүсүн талап кылышты. 29Анан, Ал тууралуу жазылгандардын баарын аткарып бүтүшкөн соң, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүшүп, көргө коюшту. 30Бирок Кудай Аны өлүмдөн тирилтип алды. 31Мындан соң, Аны Галилеядан Иерусалимге ээрчип келгендер көп күндөр бою көрүп жүрүштү. Алар азыр Аны эл алдында күбөлөндүрүп жатышат. 32Кудай Ыйсаны өлүмдөн тирилтип, аталарыбызга берген убадасын алардын балдары – бизге аткарып бергенин силерге азыр Барнап экөөбүз сүйүнчүлөп турабыз. 33Бул тууралуу экинчи забурда мындай деп жазылган: «Сен Уулумсуң, анткени Мен бүгүн Сага Ата болдум».#13:33 Забур 2:7. 34Кудай Аны өлүмдөн тирилткендиги, демек, эми эч качан чирий турган денеге айланбастыгы тууралуу мындай деген: «Мен сага Дөөткө убада кылган ыйык, ишенимдүү баталарымды берем».#13:34 Ышая 55:3. 35Ошондуктан дагы бир жерде мындай дейт: «Сен Өзүңдүн ыйыгыңды чиритпейсиң».#13:35 Забур 15:10. 36Дөөт өз убагында Кудайдын эркин аткарып, элине кызмат кылып бүткөндө, көз жуумп, ата-бабасы жаткан жерге коюлуп, денеси чириген. 37Ал эми Кудай кайрадан тирилтип алган Киши болсо чириген жок. 38Ошондуктан, силерге белгилүү болсун, агайын-туугандар, мына ушул Кишинин урматына силердин күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат. 39Силер Мусанын мыйзамы аркылуу арылбаган бардык күнөөдөн эми бул Кишиге ишенген ар бир адам арылат. 40Ошондуктан сак болгула! Пайгамбарлар айтып кеткен сөздөр силердин башыңарга келбесин. 41Алар мындай дешкен: «Эй, Кудай сөзүн жек көрүп, шылдыңдагандар! Оозуңар ачылып, таң калып, шоруңар курусун! Мен силердин жашооңордо бирөө айтып берсе да, өзүңөр ишене албагандай бир керемет иш кылам».#13:41 Абак. 1:5.
42Барнап менен Пабыл синагогадан чыгып жатканда, алардан келерки дем алышта да ушул тууралуу сүйлөп беришин суранышты. 43Чогулуш бүткөндө, көптөгөн иудейлер жана иудей динине өтүп, Кудайга кызмат кылган улуту башка адамдар Пабыл менен Барнапты ээрчип жөнөштү. Пабыл менен Барнап болсо алар менен аңгеме куруп: «Ырайымдуу Кудайдын жолунда жүрө бергиле» деп кеңештерин беришти. 44Кийинки дем алышта Кудай Сөзүн угуу үчүн дээрлик бүт шаар эли чогулду. 45Бирок иудейлердин ушунчалык көп эл чогулганына ичтери тарыды. Ошондуктан Пабылдын сөзүнө каршы чыгып, ага тил тийгизишти. 46Пабыл менен Барнап аларга тайманбастан мындай дешти:
– Кудайдын сөзү биринчи силерге айтылышы керек эле, бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатасыңар. Ошон үчүн, мына, эми биз башка улуттарга кайрылып, айтып жатабыз. 47Анткени Эгебиз бизге: «Жер чегине чейин адамдардын баары күнөөлөрүнүн жазасынан кутулуу үчүн Мен Сени башка элдерге жол көрсөтүүчү нур кылып койдум»,#13:47 Ышая 49:6. – деп буйрук берип кеткен.
48Бул сөздү угушкан башка улуттагылар кубанышып, Кудай сөзүн даңктап жатышты. Алардын арасындагы түбөлүк өмүр буюрган көп адамдар ишенимге келишти. 49Ошентип, Эгебиздин сөзү өлкөнүн туш тарабына тарады. 50Бирок иудейлер диний ырым-жырымдарды катуу кармаган шаардын атактуу аялдары менен башчыларын Пабыл менен Барнапка каршы тукурушуп, аларды куугунтукка алышты. Алар эки элчини шаардан кууп чыгышты. 51Эки элчи болсо аларга наалат катары буттарынын чаңын күбүп, Икония тарапка кетип калышты. 52Антахиядагы шакирттер болсо кубаныч менен Ыйык Рухка толуп, өсө беришти.
လက္ရွိေရြးခ်ယ္ထားမွု
Элчилер 13: КЫРИ
အေရာင္မွတ္ခ်က္
မၽွေဝရန္
ကူးယူ

မိမိစက္ကိရိယာအားလုံးတြင္ မိမိအေရာင္ခ်ယ္ေသာအရာမ်ားကို သိမ္းဆည္းထားလိုပါသလား။ စာရင္းသြင္းပါ (သို႔) အေကာင့္ဝင္လိုက္ပါ
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: