Жашыя 3
3
Иордан дарыясынан өтүүгө даярдык көрүү
1Жашыя эртеси таң сүрүп келатканда турду. Аны менен бүт ысрайылдар Шиттим шаарынан чыгышып, Иорданга келишти. Аркы жээкке өтөөр алдында, алар ошол жерге конуш курушту. 2Үч күндөн кийин башкаруучулар конушту аралап, 3элге мындай деп буйрук беришти:
– Дин кызматчы лебилердин Жараткан Эге, Кудайыңардын келишим сандыгын көтөрүп баратканын көргөнүңөрдө, силер да ордуңардан козголуп, алардын артынан жөнөгүлө. 4Ошондо кайсы тарапты көздөй басуу керектигин билип аласыңар, анткени бул жол менен мурун-кийин өткөн эмессиңер. Бирок силер менен келишим сандыгынын ортосундагы аралык миң кадам болсун, ага жакындабагыла.
5Жашыя элге кайрылып, мындай деп эскертти:
– Тазаланып-ыйыкталгыла#3:5 Тазалануу – кийим-кечени, дене-бойду жууп-тазалоо., анткени эртең Жараткан Эгеңер араңарда кереметтерди көрсөтөт.
6Дин кызматчыларга болсо Жашыя:
– Келишим сандыгын көтөрүп, элдин алдында жүргүлө, – деди.
Алар келишим сандыгын көтөрүп алып, элдин алдына өтүштү.
7Жараткан Эге Жашыяга мындай деп айтты:
– Мусаны кандай колдоп келген болсом, сени да так ошондой колдоп жатканымды эл түшүнүшү үчүн, ушул күндөн баштап Ысрайыл элинин алдында сенин зоболоңду көтөрө баштаймын. 8Сен болсо келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчыларга: «Иордандын жээгине жеткенден кийин, сууга кирип, токтоп тургула» деп буйрук кыл. 9Жашыя ысрайылдарга:
– Бери жакын келип, Жараткан Эге, Кудайыңардын сөзүн уккула, – деди.
10Жашыя мындай деп сөзүн улады:
– Тирүү Кудайдын силердин араңарда экенин, Ал канаандарды, хеттерди, хибилерди, периздерди, гиргаштарды, аморлорду, жебустарды силердин көз алдыңарда сөзсүз кубалап чыга турганын мындан билесиңер: 11Мына! Бүт жер жүзүнүн Эгедеринин келишим сандыгы силердин алдыңарда Иордан дарыясынан өтөт! 12Азыр болсо, Ысрайыл урууларынан он эки кишини – ар бир уруудан бирден кишини тандагыла. 13Бүт жер жүзүнүн Эгедери болгон Жараткан Эгенин келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылардын таманы Иордан суусуна тиери менен, дарыянын агымы токтоп, жогору жактан аккан суу бөгөлүп, дубалдай болуп тирелип акпай калат.
Иордандан өтүү
14Эл чатырларын жыйнап, Иордандан өтүү үчүн ордунан козголгондо, дин кызматчылар келишим сандыгын көтөрүп, элдин алдына өтүштү. 15Түшүм жыйноо убагы болгондуктан, Иордан суусу жээктеринен ашып-ташып агып жаткан. Келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар Иордандын жээгине жетип, буттарын сууга салышары менен, 16жогору жактан агып келаткан суу токтоп, дубалдай тирелип, Саретандын жанындагы Адам шаарына чейин абдан алыскы аралыкка чогулуп калды. Төмөн жактагы Өлүк деңизге куйган суу болсо агып кетип, бүтүндөй соолуп калды. Эл болсо Иерихондун тушунан дарыядан өтүп жатты. 17Элдин баары акпай калган дарыянын таманы аркылуу өтүп бүткөнчө, Жараткан Эгенин келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар Иордандын ортосундагы кургак жерде козголбостон туруп турушту.
നിലവിൽ തിരഞ്ഞെടുത്തിരിക്കുന്നു:
Жашыя 3: КЫРИ
ഹൈലൈറ്റ് ചെയ്യുക
പങ്ക് വെക്കു
പകർത്തുക

നിങ്ങളുടെ എല്ലാ ഉപകരണങ്ങളിലും ഹൈലൈറ്റുകൾ സംരക്ഷിക്കാൻ ആഗ്രഹിക്കുന്നുണ്ടോ? സൈൻ അപ്പ് ചെയ്യുക അല്ലെങ്കിൽ സൈൻ ഇൻ ചെയ്യുക
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018