Жашыя 11
11
Түндүк падышалардын аскердик биримдик түзүшү
1Бул окуялар жөнүндө Хасор падышасы Жабин укканда, төмөндөгү падышаларга: Мадон падышасы Жобапка, Шимрон падышасы менен Акшап падышасына, 2түндүктөгү тоолуу аймактын падышаларына, Киннерет көлүнүн түштүгүндөгү Иордан өрөөнүнүн падышаларына, тоо этектериндеги жана батыштагы Дор тоолорундагы падышаларга, 3чыгыш менен батыштагы канаандарга, тоолордо жашаган аморлорго, хеттерге, периздерге, жебустарга жана Хермон тоосунун этегиндеги Миспа жеринде жашаган хибилерге шашылыш түрдө чабармандарын жиберди. 4Бул падышалар түмөн кошууну: жоокерлери, майдан арабалары менен келишти, алар деңиз жээгиндеги кумдай сан жеткис эле. Алардын майдан арабалары көп эле. 5Ошол падышалардын баары чогулуп келип, Ысрайыл менен согушуу үчүн, Мейром суусунун жээгине чогуу ордолорун курушту.
Түндүк падышаларынын жеңилиши
6Ошондо Жараткан Эге Жашыяга:
– Алардан коркпогун, Мен алардын баарын Ысрайылдын колуна салып берем. Эртең ушул убакка чейин алардын бири калбай кырылат. Сен алардын аттарынын тарамыштарын кесип, майдан арабаларын өрттөп сал, – деди.
7Жашыя согушка жарактуу бүт эли менен Мейром суусунун жээгине келип, душманга капыстан кол салды. 8Жараткан Эге аларды Ысрайылдын колуна салып берди. Ысрайыл жоону талкалап, улуу Сидонго чейин, Мисрепот-Майимге дейре, күн чыгыштагы Миспе өрөөнүнө жеткире кубалап барды. Аларга катуу сокку уруп, бир да кишини тирүү калтырган жок. 9Жараткан Эге буйругандай кылып, Жашыя алардын аттарынын тарамыштарын кесип, майдан арабаларын өрттөп салды.
10Андан кийин Жашыя артка бурулуп, ошол падышалыктардын башында турган Хасор шаарын басып алып, анын падышасын кылыч менен өлтүрдү. Хасор ал убакта бардык падышалыктардын башында турган. 11Элин түгөл кылыч мизине алып, баарын садага чаа кырды, бир да жан аман калган жок. Хасорду болсо өрттөп жиберди. 12Жараткан Эгенин кулу Муса буйругандай кылып, Жашыя ошол падышалык шаарлардын баарын басып алып, падышаларын кармап, кылыч мизине алып, садага чаап кырып салды. 13Ысрайылдар адырлардагы шаарлардан бирин да өрттөшкөн жок. Жашыя Хасор шаарын гана өрттөп салды. 14Ошол шаарлардын бүт мал-мүлкүн ысрайыл эли олжолоп алды. Элин толук кылычтан өткөрдү, бир да тирүү жан калтырган жок. 15Жараткан Эге Өз кулу Мусага кандай буйруган болсо, Муса да Жашыяга ошондой буйруган эле. Жашыя Жараткан Эгенин Мусага айткан сөздөрүнөн четтебей, толук аткарды.
Ысрайылдар басып алган жерлер
16Ошентип, Жашыя бүт жерлерди: тоолуу жерлерди, бүт Негевди, Гошен жерин толугу менен, Иордан өрөөнүн, Ысрайылдын тоо кырлары менен тоо этектерин басып алды. 17Сеир тоолоруна чейин бийиктеп барган Халах тоолорунан баштап, Хермон тоосунун этегине чейин созулган Ливан өрөөнүндөгү Баал-Гат шаарына чейин бардык жерлерди басып алды. Падышаларын колго түшүрүп, аларды өлтүрдү. 18Жашыя ошол падышалар менен узак убакыт согушкан эле. 19Хибилер жашаган Гибон шаарынан башка бир да калаа Ысрайыл эли менен тынчтык келишимин түзгөн жок. Ысрайылдар башка шаарлардын баарын согуш менен басып алды. 20Анткени Жараткан Эге ал элдердин жүрөгүн катуулантып койгондуктан, алар Ысрайыл эли менен согушууга чыгышты. Жараткан Эге Мусага буйругандай, Ысрайыл аскерлери аларды садага чаап, аёосуз толук кырып салышы үчүн ушундай кылган эле. 21Ошол күндөрү Жашыя тоолуу аймактагы Хеврон, Дебир, Анап шаарларында, Иуда жана Ысрайыл тоолорунун арасында жашаган анактарды кырып, шаарларын бүт садага чаап талкалады. 22Ысрайыл элинин жеринде Анактын урпактары калган жок. Алар Газа, Гат, анан дагы Ашдод шаарларында гана калды. 23Ошентип, Жараткан Эге Мусага айткандай, Жашыя ал жерлердин баарын басып алып, ысрайыл элинин бардык урууларына энчи кылып бөлүштүрүп берди. Ошондон кийин согуш бүтүп, өлкөдө тынчтык орноду.
നിലവിൽ തിരഞ്ഞെടുത്തിരിക്കുന്നു:
Жашыя 11: КЫРИ
ഹൈലൈറ്റ് ചെയ്യുക
പങ്ക് വെക്കു
പകർത്തുക

നിങ്ങളുടെ എല്ലാ ഉപകരണങ്ങളിലും ഹൈലൈറ്റുകൾ സംരക്ഷിക്കാൻ ആഗ്രഹിക്കുന്നുണ്ടോ? സൈൻ അപ്പ് ചെയ്യുക അല്ലെങ്കിൽ സൈൻ ഇൻ ചെയ്യുക
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018