Жашыя 10

10
Түштүктөгү падышалардын жеңилиши
1Иерусалим падышасы Адони-Седек «Жашыя Ай шаарын басып алып, аны садага чаап салыптыр. Иерихон шаарын, анын падышасына эмне кылса, Ай шаарын да, анын падышасына да ошондой кылыптыр. Гибондо жашаган эл болсо Ысрайыл менен тынчтык келишимин түзүп, алардын арасында жашап калыптыр» 2деген каңшаар кепти укканда, жаны оозуна кептелди. Анткени Гибон шаары падышалыктагы чоң калаалардын бири болуп, Ай шаарынан чоң эле. Эркектери болсо эр жүрөк болчу. 3Ошондуктан Иерусалим падышасы Адони-Седек Хеврон шаарынын падышасы Огамга, Жармут шаарынын падышасы Пирамга, Лахиш шаарынын падышасы Жапийге, Эглон шаарынын падышасы Дебирге мындай деп айттырды: 4«Келип, Жашыя баштаган Ысрайыл эли менен тынчтык келишимин түзгөн Гибонго кол салганга мага жардам бергиле». 5Ошентип, аморлордун беш падышасы: Иерусалим, Хеврон, Жармут, Лахиш, Эглон падышалары өз кошуундарын чогултуп, Гибон менен салгылашуу үчүн шаардын каршысына ордо курушуп, ага кол салышты.
Жашыянын гибондуктарды душмандардан коргошу
6Ошондо Гибон эли Гилгал конушундагы Жашыяга киши жиберип, «Өз кулдарыңыздан колуңузду үзбөңүз, тез келип, бизди куткарыңыз, жардам бериңиз! Тоолордо жашаган аморлордун бардык падышалары бизге каршы кошуундарын чогултуп келди» деп айттырды. 7Жашыя согушка жарактуу баатыр, эр жүрөк бүт жигиттери менен Гилгалдан чыгып жөнөдү. 8Жараткан Эге Жашыяга мындай деди:
– Алардан коркпогун! Мен аларды сенин колуңа салып бердим. Алардын эч бири сага каршы тура албайт. 9Гилгалдан чыгып, түнү менен жол жүргөн Жашыя душманга күтүүсүздөн кол салды. 10Жараткан Эге аморлорду ысрайылдардын көз алдында дүрбөлөңгө түшүрдү. Анан аларга сокку уруп, Гибондо кыргын салышты. Ысрайылдар аларды Бейт-Хоронго карай өйдө кеткен жол менен Азекага жана Македага жеткенче кубалап, кырып барышты. 11Алар Ысрайылдан качып, Бейт-Хорондон төмөн карай баратканда, Азекага жеткенге чейин Жараткан Эге асмандан аларга чоң-чоң мөндүрлөрдү жаадырды. Ошол күнү Ысрайылдын кылычынан жан таслим болгондорго караганда, таштай мөндүрдөн кырылгандар көп болду. 12Жараткан Эге аморлорду Ысрайыл уулдарынын колуна салып берген күнү Жашыя ысрайылдардын көз алдында Жараткан Эгеге кайрылып:
– Төбөсүндө Гибондун,
Токтой турсун күн азыр,
Аялондун үстүндө,
Аялдай турсун ай дагы, – деди.
13Ошол замат күн менен ай токтоп калды, эл жоодон өч алып бүткөнчө, ордунан жылган жок. Бул окуя «Күн батууга шашылбай, күнү бою так төбөдө токтоп турду» деп «Баатырлар китебинде» жазылып турат. 14Жараткан Эгенин Өз пендесинин үнүн ушунчалык уккан күн буга чейин да, андан кийин да болгон эмес: Жараткан Эге Ысрайыл үчүн Өзү салгылашты. 15Ошондон кийин Жашыя бүт Ысрайыл менен Гилгалдагы конушка кайтып келди.
16Беш падыша болсо качып барып, Македадагы үңкүргө жашырынып калды. 17Жашыяга: «Беш падыша табылды, алар Македадагы үңкүрдө жашырынып жатышат» деген кабар келгенде, 18Жашыя:
– Чоң таштарды тоголотуп келип, үңкүрдүн оозун бүтөп салгыла да, сакчыларга кайтартып койгула. 19Калгандарыңар болсо токтобостон душмандын артынан кубалап, бирин да өз шаарларына кире качууга жол бербегиле. Жараткан Эге, Кудайыңар аларды силердин колуңарга берди, – деп айтты. 20Жашыя менен Ысрайыл эли жоону бүтүндөй кырып салды. Аман калган бир азы гана чептүү шаарларга кире качышты. 21Бүт элдик кошуун Македада жайгашкан конуштагы Жашыяга аман-эсен кайтып келди. Ошондон кийин эч ким Ысрайыл элине тил кайрып сүйлөй албай калды.
22Жашыя:
– Үңкүрдүн оозун ачып, жанагы беш падышаны алып чыгып, бул жакка алып келгиле! – деп буйрук берди. 23Ошентип, тиги беш падышаны: Иерусалим, Хеврон, Жармут, Лахиш жана Эглон шаарларынын падышаларын үңкүрдөн чыгарып, алып келишти. 24Падышаларды Жашыяга алып келишкенде, ал бүт Ысрайыл элин чакырып, өзү менен чогуу салгылашкан аскер башчыларга:
– Бери жакын келип, бутуңар менен мына бул падышалардын желкесинен басып тургула, – деп буйруду. Аскер башчылар келип, буттары менен алардын желкесинен басып турушту. 25Жашыя аларга мындай деди:
– Көрдүңөрбү! Эч нерседен коркпогула, кайраттуу болгула! Тайманбас, бекем болгула! Жараткан Эгеңер силерге согуш ачкан ар бир жоону дал ушундай кылат. 26Анан Жашыя падышаларды өлтүрүп, алардын жасаттарын беш шиш жыгачка сайдырып салды. Алар кечке чейин жыгачка сайылган бойдон турушту. 27Күн батып бараткан убакта, Жашыянын буйругу боюнча падышалардын жасаттарын жыгачтан алышып, өздөрү жашырынган үңкүрдүн ичине таштап, үңкүрдүн оозун чоң таштар менен бүтөп салышты. Ал таштар бүгүнкү күнгө чейин турат.
Жашыянын чыгыштагы шаарларды талкалашы
28Ошол күнү Жашыя Македа шаарын басып алды. Анын бүт эли менен падышасын кылыч мизине алып, садага чаап салды, тирүү жан калтырган жок. Иерихондун падышасына эмне кылса, Македа шаарынын падышасына да так ошондой кылды.
29Андан кийин Жашыя бүт Ысрайыл менен чогуу Македа шаарынан Ливна шаарын карай жортуулун улантып, Ливнага кол салды. 30Жараткан Эге бул шаарды да падышасы менен Ысрайылдын колуна салып берди. Алар шаардын элин түгөл кылыч мизине алып, бир да тирүү жан калтырган жок. Иерихон падышасына эмне кылса, Ливна шаарынын падышасына да так ошондой кылышты.
31Андан соң Жашыя бүт ысрайылдыктар менен чогуу Ливна калаасынан Лахиш калаасына карай жүрүш кылды. Шаардын оропарасына ордо орнотуп, ага согуш ачты. 32Жараткан Эге Лахиш шаарын да Ысрайылдын колуна салып берди. Алар калааны экинчи күнү басып алып, Ливна шаарынын элин кыргандай, бир да жанды калтырбай кылычтап кырып салды. 33Ошол убакта Гезердин падышасы Хорам Лахиш шаарына жардамга келди. Бирок Жашыя анын кошуунун да толук кырып салды, бирөө да аман калган жок.
34Анан Жашыя бүт Ысрайыл менен чогуу Лахиш шаарынан Эглон шаарына жөнөдү. Шаардын маңдайына ордосун жайгаштырып, ага чабуул койду. 35Алар аны ошол эле күнү басып алышты. Лахиш шаарын кандай кылышса, Эглон шаарын да ошондой кылып, ал күнү шаардагы тирүү жанды түгөл садага чаап кырып салышты.
36Андан кийин Жашыя менен бүт Ысрайыл аскерлери чогуу Эглон калаасынан чыгып, Хевронго келип, ага согуш ачты. 37Ага кол салып, анын падышасын да, шаардын элин да бүт кылыч мизине алып кырып салды. Бир да жан аман калган жок. Эглон шаарын кандай кылса, Хеврон шаарын да ошондой кылып, тирүү жандын баарын садага чап кырышты.
38Андан соң Жашыя баштаган бүткүл Ысрайыл Дебир тарапка бурулуп, ага кол салды. 39Аны да басып алып, падышасын өлтүрүп, ага караштуу бардык шаарлардагы тирүү жанды калтырбай түгөл кылыч мизине алып, садага чаап кырып салды, эч ким аман калган жок. Хеврон, Ливна шаарлары менен алардын падышаларын кандай кылса, Дебир калаасынын жашоочулары менен анын падышасын да ошондой кылды.
40Ошентип, Жашыя бүт өлкөнү – тоо кырларын, Негевди, тоо этектерин, тоо боорлорун басып алып, андагы падышаларды өлтүрдү. Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы буйругандай кылып, бир да жанды тирүү калтырбай бүтүндөй садага чаап кырды. 41Жашыя Кадеш-Барниядан Газага чейинки бардык жерлерди, Гошендин бүт жерин, Гибонго чейинки бүт аймакты басып алды. 42Ысрайыл эли үчүн Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы Өзү согушкандыктан, бул падышалардын баарын, алардын жерлерин Жашыя бир жортуулда басып алды. 43Ошондон кийин Жашыя баштаган бүт Ысрайыл Гилгалдагы конушуна кайтып келди.

നിലവിൽ തിരഞ്ഞെടുത്തിരിക്കുന്നു:

Жашыя 10: КЫРИ

ഹൈലൈറ്റ് ചെയ്യുക

പങ്ക് വെക്കു

പകർത്തുക

None

നിങ്ങളുടെ എല്ലാ ഉപകരണങ്ങളിലും ഹൈലൈറ്റുകൾ സംരക്ഷിക്കാൻ ആഗ്രഹിക്കുന്നുണ്ടോ? സൈൻ അപ്പ് ചെയ്യുക അല്ലെങ്കിൽ സൈൻ ഇൻ ചെയ്യുക