Башталыш 50
50
Жакыптын жерге берилиши
1Жусуп атасынын үстүнө кулап, өөп, буркурап ыйлады. 2Анан атасынын жасатын «мумиялап катыргыла» деп, кызматчы табыптарына буйрук кылды. Табыптар Ысрайылдын жасатын мумиялашты. 3Буга кырк күн кетти. Себеби мумиялоого ушунча убакыт керек эле. Мисирликтер жетимиш күн Жакыпты жоктоп ыйлашты.
4Аза күндөрү аяктаганда, Жусуп фараондун кызматчыларына мындай деди:
– Мага ырайым этип, фараонго бул сөзүмдү жеткизип койгула: 5«Атам мени ант бердирип, „ичер суум түгөндү, мени Канаан жериндеги өзүм дайындаткан саганага алып барып кой“ деди эле. Эми атамдын сөөгүн коюп келгенге уруксат берсеңиз».
6Фараон уруксат берип:
– Атаңа берген антыңды орундат, бар да атаңды коюп кел, – деди.
7Ошентип, Жусуп атасын койгону кетти. Фараондун бардык кызматчылары, сарайдын жана Мисирдин башчылары аны менен чогуу жөнөштү. 8Жусуптун бүт үй ичи, бир туугандары жана атасынын үй-бүлөсү да аны менен жөнөштү. Гошенде бала-чакасы, майда жандыгы менен кара малы гана калды. 9Жусуптарга арабалар менен атчандар кошулду. Ошентип, калың эл чубалып жөнөдү.
10Алар Иордандын чыгышындагы Атад деген кырманга келишкенде, жер дүңгүрөтө өкүрүштү. Жусуп атасын жоктоп ыйлап, жети күн аза күттү. 11Ошол жерде жашаган канаандыктар Атад кырманындагы аза күткөн элди көрүшкөндө: «Оо, мисирликтердин кайгысы катуу экен!» – дешти. Ошондон улам Иордандын жанындагы ал жер «Мисир азасы» аталып калган.
12Ошентип, Жакыптын балдары атасынын осуятын аткарышты. 13Жакыптын сөөгүн Канаан жерине алып барып, Мамреге жакын жердеги Махпела талаасындагы үңкүргө коюшту. Бул үңкүрдү Ыбрайым хет Эфрондон сагана кылуу үчүн талаасы менен кошо сатып алган. 14Жусуп атасын жерге берген соң, өзү, бир туугандары жана аны менен чогуу атасын коюуга баргандардын баары Мисирге кайтты.
Жусуптун агаларынын көңүлүн жубатышы
15Атасынын көзү өткөндөн кийин, Жусуптун бир туугандары өз ара: «Жусуп бизди кектеп, кылган жамандыктарыбыз үчүн өч алам десе кантебиз?» дешти да, 16Жусупка мындай деп кабар жиберишти: «Атабыз өлөр алдында 17бизге Жусупка барып „бир туугандарыңдын сага жасаган жамандыгын, айыбы менен күнөөсүн кечир“ деп айткыла деген эле. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир». Жусупка ушинтип айтышканда, ал жашып кетти.
18Анан бир туугандары да келип, анын алдына жүздөмөндөп жыгылышып:
– Биз сенин кулдарыңбыз, – дешти.
19Жусуп:
– Коркпогула, жазалагыдай мен, эмне, Кудай белем. 20Силер мага жамандык жасайлы дегенсиңер, бирок Кудай аны жакшылыкка айландырды. Азыр көрүп турганыңардай, бул көп адамдын өмүрүн сактап калды. 21Ошондуктан коркпогула. Мен силерге да, балдарыңарга да кам көрөм, – деп аларды тынчтандырып, көңүлдөрүн жубатты.
Жусуптун дүйнө салышы
22Жусуп жана атасынын үй-бүлөсү Мисирде туруп калды. Ал 110 жыл жашады. 23Жусуп Эпрайымдын неберелерин көрдү. Ал Менашенин уулу Махирдин балдарын да көрүп калды. 24Жусуп бир туугандарына: «Мен о дүйнөгө кеткени калдым, бирок Кудай силерге келип, бул жерден алып чыгат да Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп ант берген жерге алып барат», – деди. 25Анан бир туугандарына: «Кудай силерге келгенде, менин сөөгүмдү да бул жактан ала кеткиле» – деп, аларга ант бердирди. 26Ошентип, Жусуп 110 жашка чыгып дүйнө салды. Аны мумиялап, Мисирде табытка салып коюшту.
Valið núna:
Башталыш 50: КЫРИ
Áherslumerki
Deildu
Afrita

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018