Элчилер 20
20
Пабыл Македония менен Грецияда
1Тополоң токтогон соң, Пабыл ишенгендерди чогултуп, аларга насаатын айтты да Македония тарапка жөнөп кетти. 2Анан ошол тараптагы аймактарды аралап, ишенгендерге көптөгөн насааттарын айткандан кийин Грецияга келди. 3Грецияда үч айдай болгон соң, кеме менен Сирияга сүзүп кетүүгө ниеттенип турганда, иудейлердин өлтүрөбүз деген оюн билип калды. Ошондуктан кайра артка Македония аркылуу кетүүнү чечти. 4Аны береялык Пирдин уулу Сопатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секунт, дербелик Гай менен Тиметей, асиялык Тихик менен Трофим узатып барышты. 5Алар бизден мурда Троас шаарына барып, бизди ошол жерден күтүп турушту. 6Биз Калама майрамы бүткөндө, Филипиядан сүзүп чыктык да, беш күндөн кийин Троаска келип, аларга кошулдук. Троаста жети күн турдук.
Пабылдын акыркы жолу Троас шаарында болушу
7Жуманын биринчи күнү Эгебизди эскерүү кечесин өткөрүү үчүн чогулдук. Кечеде Пабыл элге таалим берди. Эртеси күнү жөнөп кете тургандыктан түн жарымына чейин сүйлөдү. 8Биз үч кабат үйдүн көптөгөн шамдар менен жарык кылынган үстүнкү кабатындагы залына чогулган элек. 9Эйтик деген бир тестиер бала терезенин текчесине чыгып алып, угуп олтурган. Пабылдын таалими узакка созулгандыктан, анын көзү илинип кетиптир. Бир убакта катуу уйку басып, текчеден кулап түштү. Башын көтөрүшсө, өлүп калыптыр. 10Пабыл төмөн түшүп, баланын үстүнө жатып, бек кучактады да: «Кабатыр болбогула, бала тирүү!» – деди. 11Анан кайра экинчи кабатка чыгып, чогулгандар менен бирге тамактанды. Алар менен көпкө чейин, таң сүргөнчө маектешип отурган соң, жолго чыкты. 12Ошол арада баягы баланы тургузуп, үйүнө аман-эсен жетелеп кетишти. Муну көрүп, алардын көңүлдөрү көтөрүлө түштү.
Троастан Милетке
13Пабыл Троастан Аска жөө бармакчы болду. Ошол себептен биз алдыга кетип, аны Астан тосуп алалы деп, кемеге отурдук. Муну Пабыл өзү ушундай ойлонуштурган болчу. 14Ошентип, аны менен Астан кезиктик да, чогуу Митилен шаарына сүзүп келдик. 15Кийинки күнү андан кемеге олтуруп, Хиёс аралынын тушуна жеттик. Үчүнчү күнү Самос аралын жандап өтүп, төртүнчү күн дегенде, Милет шаарына келдик. 16Пабыл Асияда убактысын коротпоюн деп, Эфеске тийбей өтүп кетти. Анткени ал Түшүм майрамын мүмкүн болсо, Иерусалимде тосоюн деп, шашып жаткан эле.
Эфес шаарындагы жыйын жетекчилери менен коштошуу
17Пабыл Милеттен Эфеске киши жиберип, жыйын жетекчилерин чакыртып 18алып, аларга мындай деди:
– Мен Асия жерине кадам шилтеген биринчи күнүмдөн тартып, ушул убакка чейин силер менен кандай жашаганымды өзүңөр билесиңер. 19Иудейлердин арам ойлуу максаттарынан улам көп азаптарга чыдап, көз жашым төгүп, Эгебизге толук моюн сунуу менен кызмат кылдым. 20Пайдалуу нерселерден эч нерсени айтпай калбайын деп, көпчүлүктүн алдында да, үймө-үй кыдырып да айтып, силерге таалим берип жүрдүм. 21Кудай алдында ниеттерин өзгөртүп, Эгебиз Ыйсага ишенүүнү эврейлерге да, башка улуттагыларга да тартынбай жарыяладым. 22Эми, мына, Ыйык Рухка жетеленип, Иерусалимге баратам. Мени анда эмне күтүп турганын билбейм. 23Билгеним – кайсы шаарга барбайын, кишен менен азап башымда. Муну Ыйык Рух мага аян кылууда. 24Бирок көздөгөн максатыма жетейин, Кудайдын ырайым тууралуу Жакшы Кабарын тартынбай айт деген Эгебиз Ыйсадан алган кызматымдын аягына чыгайын дегенде, жанымды да аябайм.
25Дагы бир нерсе мага маалым: силердин араңарда Кудайдын Падышачылыгын жарыялап жүргөн мени мындан ары көрбөйсүңөр. 26Ошондуктан бүгүн силерге эскертип кетейин: мен бир да адамдын түбөлүк өмүрдөн айрылып калганы үчүн жооптуу эмесмин. 27Анткени Кудайдын ой-максаттарынан кымындай да калтырбастан силерге баарын айтып бердим.
28Өзүңөрдү карагыла жана Ыйык Рух силерге аманат кылган Кудайдын оторуна көз салгыла. Кудай Өз Уулунун канын төгүп, ошонун баасы менен тапкан жыйын үчүн кам көргүлө. 29Мен кеткенден кийин оторду аябаган канкор карышкырлар араңарга сүңгүп кирерин билем. 30Тескери сүйлөп, Ыйсанын шакирттерин ак жолдон айныткандар өз араңардан да чыгат. 31Ошондуктан сак болгула. Күн-түн дебей, ар бириңер үчүн көз жашымды төгүп, окутканымды эстен чыгарбагыла.
32Эми, боордошторум, мен силерди Кудайдын колуна жана Анын ырайымдуу сөзүнө тапшырам. Ал сөз ишенимиңерди бекемдеп, Кудай Өз адамдарынын баарына насип кылган ак баталуу мурастарын силерге да бере алат.
33Мен эч кимдин акчасына, кымбат баалуу кийимине суктанып, көз артпадым. 34Тескерисинче, өзүмдүн, ошондой эле жолдошторумдун муктаждыктары үчүн мына бул колдорум менен мээнет кылдым. Муну силер өзүңөр деле жакшы билесиңер. 35Ушундай эмгек кылып, алсыздарга кандай кол кабыш кылышыңар керектигин жана «алгандан көрө, берген бактылуу» деп айткан Эгебиз Ыйсанын сөзүн эстеп жүрүшүңөр үчүн мен силерге баарын көрсөттүм.
36Пабыл ушундай деп, тизеледи да ишенүүчүлөр менен бирге сыйынды. 37Баары буркурап ыйлап, мойнуна асылып, бетинен өпкүлөштү. 38Баарынан да Пабылдын «мени мындан ары көрбөйсүңөр» деген сөзү алардын сай-сөөгүн сыздатты. Анан алар Пабылды кемеге чейин узатып барышты.
Àwon tá yàn lọ́wọ́lọ́wọ́ báyìí:
Элчилер 20: КЫРИ
Ìsàmì-sí
Pín
Daako

Ṣé o fẹ́ fi àwọn ohun pàtàkì pamọ́ sórí gbogbo àwọn ẹ̀rọ rẹ? Wọlé pẹ̀lú àkántì tuntun tàbí wọlé pẹ̀lú àkántì tí tẹ́lẹ̀
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: