YouVersion လိုဂို
ရွာရန္ အိုင္ကြန္

Жакып 1

1
Саламдашуу
1Кудайдын жана Эгебиз Ыйса Машаяктын кулу Жакыптан чар тарапта чачылып жүргөн он эки урууга#1:1 Он эки уруу Кудайдын батасын ала турган Ысрайыл элин билдирет, бирок Жакып биерде Ыйсага ишенгендерге кайрылып жатат. дубай салам!
Чыдамдуулук, акылмандык жана ишеним жөнүндө
2Боордошторум, жашоодо түркүн кыйынчылыкка туш келгенде, аны зор кубаныч менен кабыл алгыла. 3Себеби ишенимиңердин сыналганы силерди чыдамдуулукка үйрөтөрүн билесиңер. 4Чыдамдуулук деген дайыма өсүп турушу керек, мына ошондо кемчиликсиз жеткилең болосуңар. 5Ал эми кимиңерге акылмандык жетпей атса, сурагандын баарына аянбастан, жемесиз эле бере турган Кудайдан сурасын – анан алат. 6Бирок эч шек кылбай, ишеним менен сурасын, себеби шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош. 7Мындай киши Эгебизден бирдеме алам деп ойлобосун: 8Ал эки ойлуу, бардык ишинде туруксуз адам.
Жакырчылык жана байлык
9Жакыр боордош Кудай көтөргөн кезде, 10ал эми бай боордош Кудай төмөндөткөнүнө кубансын, анткени чөп гүлүндөй ал да өтүп кетет. 11Күн чыгып, ысыйт да табы менен чөптү кууратат, анан гүлү түшүп, көркү жоголот. Анын сыңары, бай боордош да түйшүгү менен кошо бул дүйнөдөн өтүп кетет.
Сыноо жана азгырык
12Бардык сыноолорду чыдап көтөргөн адам бактылуу, анткени сыноодон өткөн соң, Кудай Өзүн сүйгөндөргө убада кылган түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берет. 13Азгырыкка туш келгениңерде, «Кудай мени азгырып атат» деп эч ким айтпасын. Себеби Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт. 14Тескерисинче, ар ким өзүнүн арам кумарына кызыгып, торго түшөт. 15Арам кумар болсо өөрчүп, күнөөнү жаратат, ал эми күнөө өөрчүп, өлүмдү жаратат. 16Айланайын боордошторум, алданып калбагыла. 17Бардык жакшы, жеткилең тартууну жогорудан, асман жарыгын жараткан Атабыз берет. Ал туруктуу жана өзгөрүлгүс. 18Бүт жараткандарынын эң маанилүүсү болсун деп, Ал бизди чындык сөзү аркылуу жаратты.
Угуу жана аткаруу
19Демек, сүйүктүү боордошторум, ар бир адам укканга тез, сүйлөгөнгө жай жана ачууга сабырдуу болсун. 20Себеби адам ачуусу менен Кудайга жагарлык иш кыла албайт. 21Ошондуктан, жаман адат, адам оозу баргыс ишиңерди таштап, дилиңерге себилген, силерди куткара ала турган Кудайдын сөзүн моюн сунуу менен кабыл алгыла.
22Кудай сөзүн угуучу гана эмес, аткаруучу да болгула, антпесе өзүңөрдү алдаган болосуңар. 23Себеби Кудай Сөзүн угуп, бирок аны аткарбаган күзгүгө каранып, өз келбетин көргөн адамдай: 24ал өзүн карайт да мындай болору менен кандай экенин дароо унутат. 25Бирок ким эркиндик берчү жеткилең мыйзамды кунт коюп окуп, анда жазылгандарды эсине түйүп алса же сөздү угуп гана тим болбостон, аны аткарса, андай кишиге Кудайдын батасы тиет.
26Эгер араңардан бирөө такыбаамын деп ойлоп, бирок тилине алы жетпесе, андай адам өзүн өзү алдаганы жана анын такыбаалыгы эчтемеге татыбайт. 27Кудай Атабыз таза деп эсептеген чыныгы такыбаалык – бул жетим-жесирлерге каралашып, өзүңдү бул дүйнөнүн жамандыгынан сактоо.

လက္ရွိေရြးခ်ယ္ထားမွု

Жакып 1: КЫРИ

အေရာင္မွတ္ခ်က္

မၽွေဝရန္

ကူးယူ

None

မိမိစက္ကိရိယာအားလုံးတြင္ မိမိအေရာင္ခ်ယ္ေသာအရာမ်ားကို သိမ္းဆည္းထားလိုပါသလား။ စာရင္းသြင္းပါ (သို႔) အေကာင့္ဝင္လိုက္ပါ