1 Петир 3
3
Үй-бүлөдөгү мамиле
1-2Ошондой эле силер да, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Ошондо күйөөлөрүңөрдүн Кудай Сөзүнө моюн сунбагандары да силердин таза, такыбаа жашооңорду көрүп, айткан сөзүңөр эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу Жаратканга кайрылат.#3:1-2 Эф. 5:22; Кол. 3:18. 3Силердин сулуулугуңар сыртыңарда: чачыңардын өрүлүшүндө, алтын буюмдарды тагынууңарда же көз жоосун алган кооз кийимдерди кийүүңөрдө эмес, 4ичиңерде, дилиңерде: момундук менен токтоолукта болсун. Бул эч көөнөрбөс сулуулук. Кудай муну абдан баалайт. 5Эзелки заманда эрлерине баш ийип, Кудайга үмүт менен караган такыбаа аялдар да ушундай жасанышкан. 6Алардын бири Сара болгон. Ал Ыбрайымга баш ийип, аны «кожоюнум» деп атаган. Эч бир коркунучка карабай, адал иш кылсаңар, Саранын урпагы болосуңар.#3:6 Башт. 18:12.
7Андыктан силер, күйөөлөр, аялыңардын назиктигин эске алып, аларга түшүнүү менен мамиле кылгыла. Аларды сыйлагыла, себеби Кудай берген ырыскылуу өмүргө аялдар да ээ болгон, ошондо сыйынууңарга эч нерсе тоскоол болбойт.
Ак иш үчүн азап чегүү
8Жыйынтыктап айтканда, баарыңар өз ара тилектеш, кайгы менен кубанычка ортоктош, бири бирин бир туугандай сүйгөн, боорукер да кичи пейил болгула. 9Жамандык кылганга жамандык кылып, кордогонго кордук көрсөтпөстөн, кайра алкагыла. Себеби Кудайдын батасын алыш үчүн силер ушуга чакырылгансыңар. 10Ошол үчүн минтип жазылган эмеспи:
«Бактылуу күнгө жетем деп,
Көп жашайм десе кимде-ким,
Сүйлөбөсүн жаман сөз,
Чыкпасын калп сөз оозунан.
11Жамандыктан оолактап,
Тынчылыкка умтулуп,
Ынтымакты эңсеп, ал
Жакшылык гана жасасын.
12Себеби адилеттүүлөргө
Салып турат назарын,
Сыйынуусун алардын
Угуп турат Эгебиз.
Ал эми жаман иштерди
Кылгандардан Эгебиз
Бурат жүзүн тескери».#3:10-12 Заб. 33:13-16.
13Эгерде дайыма жакшылык кылалы деген аракетиңер болсо, ким силерге жамандык кылат? 14Ал эми жакшы ишиңер үчүн азап тартсаңар – бактылуусуңар.#3:14 Мт. 5:10. Эч бир адамдан коркпогула, силерди эч нерсе коркутпасын.#3:14 Ыш. 8:12-13. 15Дилиңерде Машаякты Эгебиз катары ыйык туткула. Силердин үмүт менен күтүп атканыңар эмне экенин сурагандарга жооп берүүгө ар убак даяр болгула. 16Аларга жумшак, сый-урмат менен жооп кайтаргыла. Машаяк жолундагы силердин жакшы жүрүм-турумуңар тууралуу жаман айтып каралагандар, өз айтканынан өзү уялгандай болсун үчүн абийириңер таза болсун. 17Эгер жакшылык кылып, азап чеккениңер Кудайдын эрки болсо, бул жамандык кылып, азап чеккенден алда канча жакшы. 18Себеби Машаяк да күнөөлөрүбүз үчүн бир жолу өлгөн. Адилетсиздер үчүн бир адилеттүү жанын кыйган. Ал муну силерди Кудай менен элдештирүү үчүн жасаган. Анын денеси өлсө да, руху менен кайра тирилген. 19Ошол руху менен өлгөндөрдүн жандары камалган зынданга барып ибарат айткан. 20Мындан көп убакыт илгери Нух кеме куруп бүткүчө Кудай аларды чыдап күткөн. Бирок алар Анын сөзүнө кулак салган эмес. Кемеге болсо, сегиз гана адам кирип, топон суудан аман калган. 21Бул азыркы замандагы сууга чөмүлдүрүү расмисинин алдын ала берилген белгиси. Ушул чөмүлүү денени жууп тазартууну эмес, таза абийир менен Кудайга өзүмдү арнайм деп берген убаданы билдирет. Ушундайча Кудай силерди Ыйса Машаяктын өлүп кайра тирилиши менен күнөөдөн куткарат. 22Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу орунга отурду. Периштелер, рухий бийликтер менен күчтөр Ага баш ийишти.
လက္ရွိေရြးခ်ယ္ထားမွု
1 Петир 3: КЫРИ
အေရာင္မွတ္ခ်က္
မၽွေဝရန္
ကူးယူ

မိမိစက္ကိရိယာအားလုံးတြင္ မိမိအေရာင္ခ်ယ္ေသာအရာမ်ားကို သိမ္းဆည္းထားလိုပါသလား။ စာရင္းသြင္းပါ (သို႔) အေကာင့္ဝင္လိုက္ပါ
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: