1
Римдиктерге 14:17-18
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Анткени Кудайдын Падышачылыгы эмне жеп, эмне ичкенибизде эмес. Ал – Ыйык Рух ыроологон адилдик, бейпилдик жана кубаныч менен жашаганыбызда. Машаякка мына ушинтип кызмат кылганыңар Кудайдын көңүлүнө да толот, башкалардын колдоосуна да татыйт.
ႏွိုင္းယွဥ္
Римдиктерге 14:17-18ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
2
Римдиктерге 14:8
Жашасак да, Эгебиз үчүн жашайбыз, жаныбызды берсек да, Эгебиз үчүн беребиз. Ошентип, жашасак да, өлсөк да, Эгебиз менен болобуз.
Римдиктерге 14:8ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
3
Римдиктерге 14:19
Ошентип, арабызга тынччылык алып келип, бири-бирибизди бекемдеп турган нерселерди жасоону көздөйлү.
Римдиктерге 14:19ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
4
Римдиктерге 14:13
Демек, бири бирибизди айыптаганыбызды токтотпосок болбойт. Андан көрө, боордошторубузга кедерги болгон же азгырган иштерди жасабайлы деген чечимге келели.
Римдиктерге 14:13ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
5
Римдиктерге 14:11-12
Анткени Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жараткан Эге айтат: ант беремин Өзүмдүн атым менен, бардык элдер Алдымда тизе бүгөт, ар бир пенде Оозу менен Кудайым деп тааныйт Мени». Ошентип, ар бирибиз кылган ишибиз үчүн Кудай алдында жооп беребиз.
Римдиктерге 14:11-12ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
6
Римдиктерге 14:1
Ишенимде алсыз болгондорду кабыл алгыла да, алар менен талашпагыла.
Римдиктерге 14:1ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
7
Римдиктерге 14:4
Бирөөнүн кызматчыларын айыптагандай сен ким элең? Алардын айыпталар-айыпталбасын өз ээси билет. Аларды колдоп, айыпталбагандай кылууга Эгебиздин кудурети жетет.
Римдиктерге 14:4ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
ပင္မစာမ်က္ႏွာ
သမၼာက်မ္းစာ
အစီအစဥ္မ်ား
ဗီဒီယိုမ်ား