1
Римдиктерге 10:9
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Башкача айтканда, Ыйсанын Эге экенин мойнуңа алып, дилиңден Кудай Аны өлгөндөн тирилткенине ишенсең, куткарыласың.
ႏွိုင္းယွဥ္
Римдиктерге 10:9ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
2
Римдиктерге 10:10
Анткени дилинен ишенген адам – акталат; оозу менен ачык айтып моюндаган адам – куткарылат.
Римдиктерге 10:10ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
3
Римдиктерге 10:17
Ошентип, ишеним – кабар угуудан, кабар угуунун өзү болсо Машаяктын Жакшы Кабарын жар салуудан келет.
Римдиктерге 10:17ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
4
Римдиктерге 10:11-13
Ыйык Жазуу айткандай, «Ага ишенген адам уятка калбайт». Бул иудейлерге да, иудей эместерге да тийиштүү. Бардыгынын Эгеси бир, Өзүнө кайрылгандардын баарына Ал ак батасын мол берет. Анткени, жазылгандай, «Эгебиздин ысмын чакырган ар ким куткарылат».
Римдиктерге 10:11-13ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
5
Римдиктерге 10:15
Жиберген эч ким жок болсо, кантип кабар жеткиришет? Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Жакшы Кабар таратылып жатканын Көрүп турсаң, кандай сонун бул өзү!»
Римдиктерге 10:15ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
6
Римдиктерге 10:14
Бирок Ага ишенбегендер Анын ысмын кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпагандар Ага кантип ишенишет? Кабар алып келген бирөө болбосо, кантип угушат?
Римдиктерге 10:14ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
7
Римдиктерге 10:4
Өзүнө ишенген ар кимди Кудай алдында ак кылыш үчүн Машаяк Тоорат мыйзамын аткаруу талабын жоюп таштады.
Римдиктерге 10:4ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
ပင္မစာမ်က္ႏွာ
သမၼာက်မ္းစာ
အစီအစဥ္မ်ား
ဗီဒီယိုမ်ား