1
Лука 3:21-22
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Эл сууга чөмүлүү расмисинен өтүп жатканда, Ыйса да чөмүлдү. Чөмүлгөндөн кийин, сыйынып турганда, асман ачылып, көгүчкөн кейпинде Ыйык Рух үстүнө түштү. Ошондо көктөн: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» – деген үн чыкты.
ႏွိုင္းယွဥ္
Лука 3:21-22ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
2
Лука 3:16
Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жүрөм, менден алда канча кудуреттүү бирөө келе жатат. Мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.
Лука 3:16ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
3
Лука 3:8
Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! Өзүңөрчө: «Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат.
Лука 3:8ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
4
Лука 3:9
Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат.
Лука 3:9ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
5
Лука 3:4-6
Ышая пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган жери бар: «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: “Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн! Кокту-колот толтурулсун бардыгы, Түздөтүлсүн тоо-дөбөнүн бардыгы. Ийри-буйру жолдор дагы оңдолсун, Тегизделсин өңгүл-дөңгүл жерлер да. Мына ошондо тирүү жандын бардыгы Кудайымдын куткаруусун көрүшөт”».
Лука 3:4-6ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
ပင္မစာမ်က္ႏွာ
သမၼာက်မ္းစာ
အစီအစဥ္မ်ား
ဗီဒီယိုမ်ား