1
Жакан 6:35
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ыйса мындай деп жооп кайтарды: – Мен – өмүр нанымын. Мага келгендер эч качан ач кетпейт, ишенгендер эч качан чаңкабайт.
ႏွိုင္းယွဥ္
Жакан 6:35ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
2
Жакан 6:63
Өмүрдү Ыйык Рух берет, ал эми пенденин колунан эч нерсе келбейт. Силерге айткан сөздөрүм аркылуу Рух берүүчү чыныгы өмүргө ээ боло аласыңар.
Жакан 6:63ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
3
Жакан 6:27
Күнүмдүк тамак эмес, түбөлүк өмүр бере турган тамак үчүн аракеттенгиле! Аны силерге Адам Уулу гана бере алат, анткени Кудай Ата муну ошого дайындаган, – деди.
Жакан 6:27ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
4
Жакан 6:40
Себеби Атамдын каалоосу – Анын Уулун көрүп, Ага ишенген ар бир адамды түбөлүк өмүргө ээ кылуу. Мен аны кыямат күнү кайра тирилтип алам.
Жакан 6:40ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
5
Жакан 6:29
Ал: – Анын жибергенине ишенгиле, Кудайдын каалоосу – ошол, – деди.
Жакан 6:29ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
6
Жакан 6:37
Асмандагы Атабыз берген адамдардын бардыгы Мага келет, Мен болсо аларды кубалабайм.
Жакан 6:37ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
7
Жакан 6:68
Ысман-Петир: – Эгем, сенден кетсек, кимге барабыз? Түбөлүк өмүргө жеткирүүчү сөздөр сенде гана бар.
Жакан 6:68ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
8
Жакан 6:51
Мен – көктөн түшкөн тирүү нанмын. Бул нандан жеген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул нан – Менин денем, аны Мен адамзат чыныгы өмүргө ээ болсун деп, курман кылам.
Жакан 6:51ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
9
Жакан 6:44
Мени жиберген Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт. Мен аны кыяматта кайра тирилтип алам.
Жакан 6:44ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
10
Жакан 6:33
Себеби көктөн түшүп, адамзатка өмүр берүүчү – Кудайдын наны, – деди.
Жакан 6:33ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
11
Жакан 6:48
Мен – өмүр нанымын.
Жакан 6:48ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
12
Жакан 6:11-12
Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди да, жайгашкандарга таратсын үчүн шакирттерине берди. Балыктан да ар бирине каалашынча берди. Баары жеп, тойгон соң, шакирттерине: – Ысырап болбосун үчүн нандын артканын жыйнап алгыла, – деди.
Жакан 6:11-12ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
13
Жакан 6:19-20
Алар беш-алты чакырымдай жүргөндөн кийин, суу үстү менен кайыкка басып келе жаткан Ыйсаны көрүп, коркуп кетишти. Ыйса аларга: – Коркпогула, бул Мен элемин! – деди.
Жакан 6:19-20ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
ပင္မစာမ်က္ႏွာ
သမၼာက်မ္းစာ
အစီအစဥ္မ်ား
ဗီဒီယိုမ်ား